Бүгүн, 2021-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленум залында, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү белгиленди.
Иш чарага сот системасынын ардагерлери, жогорку сот органынын судьялары, ошондой эле Жогорку соттун аппарат кызматкерлери катышышты.
Бир катар судьялар жана аппарат кызматкерлери салтанаттуу түрдө сыйланышты.
Иш чаранын жүрүшүндө ардагерлерге сыйлыктар берилип, отставкадагы судьялар сот адилеттигин жүзөгө ашырууда кесипкөйлүктү гана эмес, айкөлдүктүн, абийирдүүлүктүн, адилеттүүлүктүн үлгүсүн бекем сактоону эскертишти.