KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто ачык эшик күнү өттү

18 октября 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 18-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин  студенттери менен жолугушуу болду.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова жана жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Нургуль Сатыбалдиева катышышты.


Жолугушуу “Эрте нике куруунун көйгөйлөрү, балдар менен аялдардын укуктары, алименттер” деген  темада өттү.


Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юридикалык университеттин студенттерине  республика боюнча үй-бүлөөлүк маселелерге  байланыштуу сотто каралган талаш — тартыштар тууралуу  жалпылап айтып берди.


Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Нургуль Сатыбалдиева эрте турмуш куруу, аялдар менен балдардын укуктары, алимент маселелерине кеңири токтолуп,  жарандардын укуктары менен милдеттери  тууралуу маалымат берип, студенттердин  суроолоруна жооп берди.


Бул иш чара жаштарга  бийликтин бир бутагы болгон сот тутумунун ишмердүүлүгү  тууралуу маалымат берип, студенттердин укуктук билимин жогорулатуу менен  жарандардын турмуш куруудагы жана ажырашуудагы жоопкерчиликтерине байланышкан маселелерди талкуулоо максатында уюштурулду.