KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун төрагаларынын квалификациясын жогорлатуу боюнча тренинг өтүп жатат

16 мая 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде 2019-жылдын 16-майында республикадагы жергиликтүү соттордун 19 төрагасынын квалификациясын жогорулатуу боюнча эки күндүк тренинг өз ишин баштады, алардын арасында аталган административдик кызматта белгилүү бир убакытта иштеп жүргөндөрү жана бул кызматка жаңы дайындалгандары да бар.


Тренингде саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору — Тургунбаева Раушанай Куттубаевна, Европа  Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программанын жетекчиси жана эксперти — Стефанос Кареклас, Кристоф Копецки,  «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү»  GIZ  Программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору — Мадалиев Рустам Каримович  сүйлөштү.


Тренингдин программасы  соттордун ишин уюштуруу жана башкаруу, судьялардын тартип жоопкерчилиги, персонал  менен иштөө, Соттун АМС ишинде төраганын ролу, соттордун коопсуздугу, соттун төрагасынын ишмердүүлүгүндөгү башкаруу психологиясын эсепке алуу, кагылыштарды алдын алуу жана чечүү сыяктуу маселелерди өз ичине камтыйт.


Аталган маселелер, ошондой эле заманбап башкаруунун элементи катары «бенчмаркинг» боюнча Германиянын  тажрыйбасы менен угуучуларды Төмөнкү Саксония жеринин Олденбург шаарындагы райондук соттун төрагалык кылуучу судьясы — Хорст Фреельс тааныштырат.


Улуттук тренерлер катары Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы – Узакбаев Азамат Насырович, Ысык-Көл облусунун Каракол  шаардык сотунун төрагасы — Ниязалиев Самар Анарбекович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын педагогика жана психология кафедрасынын профессору — Токомбаева Айсулуу Тарасовна чыгышат.


Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  Европа  Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программанын  жардамы менен 2017 — жылы Кыргызстандын жана Германиянын судьяларынын кызматташтыгынын жыйынтыгында Райондук соттордун төрагалары үчүн сотторду башкаруу боюнча кол китепти иштеп чыгышкан.


Өткөрүлүп жаткан тренинг аталган китептин негизинде, ошондой эле 2017 — 2018-жылдардагы өткөрүлгөн пилоттук тренингдерден алган тажрыйбаларынын жана анализдеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт.


Тренингдин аягында угуучуларга квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө сертификаттар тапшырылат.