KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад шаардык сотунда Аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушуу өттү

12 ноября 2019

Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбек жана судья Аида Апысова Жалал-Абад шаардык мэриясынын залында Жалал-Абад шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Иш чаранын максаты аксакалдар сотторунун иш аракеттерин колдоо менен аларга мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүү болду.


Анда  бүгүнкү күнү аксакал соттору ишти кароодо кандай кыйынчылыктар болуп жаткандыгы, заем келишимдери боюнча мыйзамдардын колдонулушу талкууланды жана келишим боюнча мөөнөттөр жөнүндө суроолор берилип, аларга жоопторун алышты.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу жана судья Аида Апысова катышуучуларга иштерине ийгилик каалашып, мындай жолугушууларды өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн  уюштуруп тураарын билдиришти.