KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттор Жогорку соттон  жаңы кодекстер боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты  

18 января 2019

2019-жылдын 18-январында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда тергөө судьяларынын кезектеги видеоконференциясы болуп өттү. Анын ишине Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик  укук  бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча  соттук коллегиясы боюнча  төраганын орун басары  Каныбек Бокоев , Жогорку соттун судьялары,  жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди  иштеп чыгуучулар,  ошондой эле  Бишкек шаарынын төрт району  менен  Бишкек шаардык соту, жети областын  жергиликтүү  сотторунун төрагалары жана тергөө судьялары катышышты.


Өткөн аптада  жергиликтүү соттордон  жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди колдонууда пайда болгон суроолор жазуу түрүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн. Бүгүн  Жогорку соттун судьялары  келип түшкөн суроолор боюнча онлайн режиминде жоопторду аймактардагы сотторго түшүндүрүп беришти.


Мындан тышкары жаңы мыйзамдарды  иштеп чыгуучулар  күчүнө кирген кодекстердеги айрым нормаларга токтолушуп, аймактардагы соттордун суроолоруна жооп беришти.