KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот Нина Григорьевна Ждановичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

10 марта 2021

Жогорку соттун  судьялары жана  Аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын кызматкери — Нина Григорьевна Ждановичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.


Нина Григорьевна 1939-жылы 2-февралда Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Татарск шаарында туулган. 1959-жылы Алма-Атадагы темир жол транспорту техникумун аяктаган. Казак темир жолунун Аяхуздагы бөлүмүндө, Трестах «Түрксибтрансстрой» жана «Каратаухимстрой» жана башка уюмдарда  адистиги иштеген.


Эмгек жолун 1971-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда баштап, ар кандай кызматтарда иштеген. Нина Григорьевна өмүрүнүн дээрлик 40 жылын соттун Аппаратында иштөөгө арнаган.


Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кесиптештери Нина Григорьевнаны боорукер,  өз ишин мыкты билген адис жана өлкөнүн жогорку сот органынын Аппаратынын баа жеткис кызматкери катары эскеришет.


Туугандары  жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.