KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Вице-премьер министр Жеңиш Разаков Бишкек шаардык соту менен Свердлов райондук сотунда болду

21 августа 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 21-августунда,  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Жеңиш Разаков сот-укуктук реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү боюнча Бишкек шаардык сотунда жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жасалган иштер менен таанышты.


Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берип жатып, Бишкек шаардык сотунун сот  залдарында аудио  жана видео  жаздыруу системалары орнотулгандыгын белгиледи. Бул система толук кандуу иштей баштаса, аралыктан сурак жүргүзүү, күбөлөрдү аралыктан суроо мүмкүнчүлүгү пайда болуп, тарапты сот отурумуна алып келүү кажети жок болоорун, соттолуп жаткан адамдын укуктары корголуп, сот отурумуна аралыктан катышып, аны көрүп, уга алаарын баса белгиледи. Ал эми “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, аталган  система экинчи инстанциядагы сотторго тесттик режимде киргизүү 10- сентябрга пландалып жаткандыгын маалымдады.


Ошондой эле, Александр Юрьев Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жасалган иштер боюнча маалымат берди. Анын айтымында, аталган  сотто автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) толук кандуу иштеп жатат.  Бул система менен “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын бириктирүү ушул жылдын 1- октябрына пландалгандыгын, экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү менен  “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын бириктирүү иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.