Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы Н.Н.Турдалиев жана сот кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арада жайгашкан №3 эксперименталдык гимназия мектебинин эмгек жамаатынын коштоосунда жогорку 9-11-класстарынын окуучулары менен чек арадагы окуучулардын укуктук сабаттуулугун өстүрүүгө арналган “Мен Кыргызстандын сот тутуму жөнүндө билем” аттуу темада жолугушуу уюштурушту.
Төрага Н.Н. Турдалиев тема боюнча баяндама жасап окуучулар тарабынан кызуу талкууга алынып, жаңы кабыл алынган кодекстер жана Кыргызстандын сот системасы жөнүндө, жазык жана жарандык сот процесстери тууралуу, үй-бүлөнүн жана балдардын укуктары жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, берген суроолоруна жоопторун алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, мезгил-мезгили менен өз ара жолугушуу уюштуруп туруу макулдашылып, төрага Н.Н.Турдалиев мектептин эмгек жамаатына жана окуучуларга ийгилик каалады.