KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

XX кылымдагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын элесине арналган 10 томдук жарыкка чыкты

28 февраля 2020

Бишкекте «Кыргызстандагы репрессиянын курмандыктары (1920-1953-жж.)» аттуу 10 томдук китептин бет ачаары болуп өттү. Бул китеп Улуттук коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдрахмановдун көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы. Ал күнөөсүз репрессиялангандардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында аталган китепти жарыкка чыгарган.


Бет ачаарда кыска метраждуу фильмдердин конкурсунан жеңүүчү деп табылып, “Эң мыкты кыска метраждуу документалдык фильм” наамын жеңип алган “Ата Бейит” документалдык фильми биринчи жолу чоң экранда көрсөтүлдү. Ошондой эле белгилүү жаш театр жана кино артисттери өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылгандардын жашоосунан театралдаштырылган сценка тартуулашты.


Трагедиялуу кадрлар жана сценкалар көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгоп, көздөрүнөн жаш агызды. Сөз сүйлөгөн коомдук жана саясий ишмерлер НКВДга, ошондой эле китептин автору Болот Абдрахмановго атасынын керээзин аткарып, катылган сырды ачып берген Бүбүра Кыдыралиевага ыраазычылык сөздөрүн айтып өтүштү.


Белгилей кетсек, репрессияга кабылгандардын катарында өлкөнүн жогорку сот органына түрдүү мезгилдерде жетекчилик кылышкан төмөнкү адамдар да болушкан: Авербург Лев Александрович (1924-1926-ж.ж.); Текеев Иманбек (1927-ж.); Кулумбаев Курманалы (1927-1928-ж.ж.); Айдарбеков Иманалы (1929-1931-ж.ж.); Абдраимов Абдыкадыр (1931-ж.ж.); Фахритдинов (1932-ж.); Орозбакиев Коенбай (1932-ж.); Цимдин Ян Алексеевич (1933-1934-ж.ж.); Сегизбаев Санжар Бактыбаевич (1937-ж.); Дүйшөналиев Садвакас Жалкеченович (1938-1941-ж.ж.).