KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектеби административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык сынак жарыялайт

21 декабря 2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНА КАРАШТУУ СОТ АДИЛЕТТИГИНИН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ


 административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык сынак жарыялайт


 БАРДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРГА ЖАЛПЫ КЕСИПТИК ТАЛАПТАР:



  1. Кыргыз Республикасынын төмөндөгү ченемдик-укуктук актыларын билүү керек:



  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;


—  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;


—   Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;


— «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык сайасий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»,    «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17  Жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри”;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттарын” токтомун;


— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кенештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 31-январындагы № 16 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби” мамлекеттик мекемесинин Уставын”


— Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин 2018-жылдын 6-июлундагы жана 2-ноябрындагы чечими менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуу жөнүндө жобону.



  1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон деңгээлде билүүсү керек;

  2. Керектүү программалык продуктулары менен компьютер жана оргтехникаларды колдонууну билүүсү (Windows, Word, Excel. Маалыматтык система «Токтом», Интернет).


 


ЖАЛПЫ БӨЛҮМ


 


Жетектөөчү адис — коомчулук менен байланыш боюнча (К-А) — 1 б.


 



  1. Кесиптик билим денгээли:


— журналистика, филология же юриспруденция жаатында жогорку билим.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


— иш стажы талап кылынбайт



  1. Кесиптик компетенциялары:


Билими:


— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;



  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.


Ыктуулугу:


— пресс-релиздерди түзүү;


— пресс-конференцияларды даярдоо жана өткөрүү;


— маалыматтарды  жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


— ММК жана эл аралык органдар менен кызматташуу;


— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүгүзүү;


— жаңы эмгек шарттарына адаптация;


— кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү жагдайларды  өз учурунда табуу жана чечүү;


— эл алдында чыгып сүйлөө;


— компьютер жана кеңсе техникалырын, ошондой эле зарыл болгон программалык продуктылар менен колдонууну билүү.


Көндүмдөр:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу;


— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүү;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.


 


Жетектөөчү адис — мамлекеттик котормочу (К-А) — 1 б.


 



  1. Кесиптик билим денгээли:



  • филология жаатындагы жогорку кесиптик билим (кыргыз тили).



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:



  • стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенциялары:


Билими:


— жалпы мыйзамдарды ошондой эле  тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү;


— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди  билүүсү.


Ыктуулугу:


— тийиштүү материалдардын котормолорун жасоо;


— мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнү киргизүү жана алып баруу;


— сот адилеттигинин Жогорку мектеби кабыл алган укуктук актылардын долбоорлорун, келишим жана макулдашуунун долбоорлорун камсыздоо;


— расмий тилден мамлекеттик тилге документтерди которуу;


— мамлекеттик тилден расмий тилге которуу;


— кесиптештер менен  натыйжалуу кызматташуу;


— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жургүзүү.


Көндүмдөр:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;


— ишти пландоо жана кызматтык  убакытты туура бөлүшүрүү;


— долбоордук документацияларды мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.


 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:


 


— жеке арыз;


— кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы, 3х4 өлчөмүндөгү 1 сүрөт;


— жарандыгын тастыктаган паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);


— нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү,  билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги;


— резюме, өмүр баяны;


— сунуш каттары (эгер бар болсо);


— КР ИИМнен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


 


Баардык документтер делого (скоросшиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине жарыянын газетага чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2018-жылдын 21-декабрынан баштап) саат 9:00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201, дареги боюнча берилиши керек. Маалыматтар үчүн тел.: (0312) 45-47-36.


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык конкурска катышуусуна жол берилбейт.