KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби административдик мамлекеттик бош кызмат орунун ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

18 июня 2021

Жалпы квалификациялык талаптар:



  1. Билүү:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;


2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;


3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин.



  1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон деңгээлде билүүсү.

  2. Компьютердик оргтехникаларды жана керектүү программалык продуктуларды билүү:


— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;


— издөө системалардан пайдалануу;


— ар түрдүү браузерлер менен иштөө.


КАРЖЫ-ЧАРБАЧЫЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮ


 


Адис (К-Б) — 1 б.


 



  1. Кесиптик билим денгээли:


— экономика жана башкаруу тармагында — экономика багыты боюнча жогорку билим.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


— иш стажына талаптар коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конститутциялык мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;


—  Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин;


— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “ Массалык маалымат каражаттары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин”;


— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомун;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 31-январындагы № 16 буйругу менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби” мамлекеттик мекемесинин уставын.


 


Билгичтиги:


— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


—  документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— тийиштүү тармакта ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;


— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;


— жарандардын кайралуулары боюнча каттарды кароо жана жоопторду даярдоо;


— мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кат алышуу жүргүзүү;


— командада иштөө.


 


Көндүмдөрү:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу.


 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:


— жеке арыз;


— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);


— кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндө, 2 даана;


— өмүр баяны;


— резюме;


— нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жогорку билимин, илимий даража же илимий наам берилгендигин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;


— ден соолугунун абалы тууралуу справка (Формы- 086/у);


— психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерден справкалар;


— соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


 


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2021-жылдын 18-июнунан тартып  2-июлуна чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-36.


 


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.