KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

11 октября 2019

Кызматтын аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу


Бош кызмат орундардын саны — 3 штаттык бирдик.


— 2 бирдик “Жазык укугу жана процесси” багыты боюнча;


— 1 бирдик “Жазык укугу жана процесси” же “Жарандык укук жана процесси” багыттары боюнча мамлекеттик тилде окутуучулук иш тажрыйбасы менен.


Жалпы квалификациялык талаптар:


 Кесиптик билимдин деңгээли:


— жогорку юридикалык билими;


— юриспруденция багытында илимий даражасынын же сотторду жана сот тутумунун кызматкерлерин окутуу үчүн уюштурулган тренерлер үчүн тренинге/тренингдерге катышкандыгын тастыктаган сертификатынын болушу артыкчылыгы болуп саналат.



  1. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:


—   үч жылдан кем эмес окутуучулук иш тажрыйбасы, анын ичинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинде;


— окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды, тесттик суроолорду жана тапшырмаларды жазуу тажрыйбасы.


Төмөнкүлөрдүн болушу артыкчылыгы болуп саналат:


—   судьялык иш стажы;


— окуу материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөрүү тажрыйбасы;


— окуу куралдарын жана модулдарын, методикалык материалдарды, окутуу пландарын, программаларын, тесттин суроолорун иштеп чыгуу же расмий тилден мамлекеттик тилге, мамлекеттик тилден расмий тилге которуу тажрыйбасы.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;


— сот системасын билүү;


— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;


— чет тилдерди (артыкчылыгы болуп саналат).


 Билгичтиги:


— биринчи дайындалган судьяларды алгачкы даярдыктан өткөрүү, судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча ыкмаларды интеграциялоо жана анализдөө, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү;


— аналитикалык, статистикалык, илимий-изилдөө жана билим берүү, ошондой эле басып чыгаруу иш-чараларын жүргүзүү;


— окуу программаларын ишке ашыруу боюнча новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


— тартылган окутуучулар/адистер, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен иштерди өз ара натыйжалуу пландоо;


— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.


Көндүмдөр:


— жогору турган органдардын, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын, буйруктарын жана тапшырмаларын өз учурунда жана сапаттуу ишке ашыруу, окутуучу курам/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;


— соттордун жана сот тутумунун кызматкерлиринин квалификациясын жогорулатууда актуалдуу маселелер боюнча муктаждыктарын аныктоо жана анализдөө;


— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө;


—  биринчи дайындалган судьяларды алгачкы даярдыктан өткөрүү, судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, сот органдары, билим берүү жана окутуу борборлору менен  (расмий жана мамлекеттик тилде, чет тилде артыкчылыгы болуп саналат)  ишкердик  кат алышуу;


— окутуу программаларын жакшыртуу үчүн сунуштарды даярдоо максатында сот органдарынын практикалык иш-тажрыйбаларын изилдөө.


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы документтерди тапшыруу жана конкурска каттоо учурунда көрсөтүлөт);

  • өмүр баяны, резюме;

  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;

  • квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин,  мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгүнүн жана башка документтеринин көчүрмөсү;

  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыгынан берилген соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым кат (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2019-жылдын 11-октябрынан тартып 30-октябрына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00 чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалымат үчүн байланыш тел.: (0312) 45-47-36.


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.