KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Юкиэ Мокуо: «Кыргызстандагы ишимди сыйлык катары баалайм»

12 июня 2019

2019-жылдын 12-июнунда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрайымы Гүлбара Калиева  БУУнун  (ЮНИСЕФ) Балдар фондусунун  өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов жана  балдарды коргоо программасынын  координатору  Елена Заиченко катышты.


Балдар  үчүн соттордо  атайын  адистештирилген бөлмөлөрдүн болушу;


-атайын балдардын  ишин кароодо судьялардын адистештирилүүсү;


-дегеле балдарга тиешелүү иштерди координациялоонун так механизмдери жөнүндөгү маселелер жолугушуунун максатын аныктады.


“Жогорку соттун жетекчисинин балдардын  ишин  кароодо, ювеналдык юстициянын маселесин кылдат билгендиги, балдардын мыйзам  менен чатакташуусун жеңилдетип, жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүүдө” – деп белгиледи өз сөзүндө Юкиэ Мокуо.


“ Бир дагы бала кылмышкер болуп төрөлбөйт! Мунун артында башка нерселер турат. Балалыгы зордук-зомбулукка  кабылгандардын  дээрлик басымдуу бөлүгү кийин, жыйынтыгында  кылмышкер болоорун  иликтөөлөр далилдеди. Ошондуктан,  көп учурда мындай көрүнүштөр  сот чечиминин  алдында кандай өтүшүнөн  көз каранды!  Сиздердин балдар үчүн адилеттүү чечимиңер өтө маанилүү!”- деп баса белгиледи Юкиэ Мокуо.


Дегеле, Кыргызстан  ювеналдык юстиция жаатында жетишкендикке ээ.


Айрыкча, жашы жетпегендердин колонияда отурушунун  кескин кыскарылышы;


Жазык жана  Балдар  кодексине  тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууда көрсөткөн колдоосу үчүн, Гүлбара  Калиевага  ыраазычылыгын жашырган жок.


Өзгөчө, балдар үчүн атайын адистештирилген  судьялар жана сот тутумундагы  эффективдүү системанын жаралышы жөнүндө кеп болду.


Сот системасы балдар үчүн атайын адистештирилген  соттук отурум боюнча пилоттук долбоор каралып жатканы боюнча маалымат берди.


Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, биздеги жаңы моделди, балдардын ишин  кароого атайын сот  түзүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз деп ишендирди- Гүлбара Калиева.


Кыргызстандагы миссиясы бүтүп аткандыгына  байланыштуу, Юкиэ Мокуого көп жылдык аракеттердин негизинде жетишкендиктер  үчүн ыраазычылык билдирип, ишине, өзүнө ийгилик каалап өттү.


Юкиэ Мокуо Кыргызстандагы ишин  сыйлык катары баалап, жүрөгүмдө дайыма эч бир кайталангыс  сезимдер менен биздин өлкөнү  эстеп жүрөөрүн айтты.