KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымынын орун басары К.Бокоев Ош облусундагы жергиликтүү сотторго усулдук жардам көрсөттү

18 октября 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын  орун басары  Каныбек Бокоев атайын иш сапары менен Ош облусунда болуп, жергиликтүү соттордун  ишмердүүлүгү менен таанышты.


Иш чарага Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Кеңешбек Токтомамбетов, Ош облусундагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана  судьялары катышышты.


Иш сапардын   жүрүшүндө  К.Бокоев Ош облусунун  жергиликтүү соттору тарабынан кабыл алынган соттук актылар менен таанышып чыгып, соттордун аудио жана видео жазуу каражаттары менен камсыздалуусу, аларды колдонуу, соттун автоматташтырылган маалымат системасынын иштеши менен таанышты.


Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттүүлүгүн аткаруунун сапатын жогорулатууга жана  соттор тарабынан бирдей тажрыйбанын колдонулуусуна басым жасалышы керектиги белгиленди.


Мындан тышкары К.Бокоев терроризм жана экстремизмге байланышкан кылмыштарды кароодо өтө кылдаттык менен соттук териштирүүлөрдү жүргүзүлүү зарыл экендигин эскертти.


Жыйындын соңунда учурда ишке ашырылып жаткан  сот реформасына мамлекет башчысы тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, мунун  алкагында коюлган талаптар толук аткарылуусу керектигин белгиледи.