KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушту

12 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш Токбаева  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросунун жана Европа кеңешинин Венециялык комиссиясынын делегациясы  менен жолугушту.


Жолугушууга Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева,  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросунун шайлоолор боюнча кеңешчиси Каха Инаишвили, аталган уюмдун тышкы эксперти Василь Ващанка, Венециялык комиссиянын жеоегиликтүү кызматташтык боюнча  бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов жана  Венециялык комиссиянын  мүчөсүнүн орун басары Николаэ Эсану катышышты.


Сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө шайлоо мыйзамдары багытындагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Делагция  өкүлдөрү “ Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кызыгышты.


Өз кезегинде Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева 2019-жылдын август айында  “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республиканынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы өзгөртүлүп, бул мыйзамды бузгандар кылмыш жоопкерчилиге тартыла тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары,  ушул жылы боло турган шайлоолорго даяр болуш үчүн, шайлоо мыйзамдарынын бардык ченемдери боюнча  судьялар үчүн окууларды өткөрүү планы каралып жаткандыгын кошумчалады.


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросунун жана Европа кеңешинин Венециялык комиссиясынын делегациясынын өкүлдөрү Жогорку сотко шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында долбоорду баалоого көмөктөшкөндүгү үчүн  ыраазычылык билдирип, бул багытта судьяларды окутууга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.