KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: Иштер өз мөөнөттөрүндө каралышы керек

17 мая 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков видеоконференц байланыш аркылуу жаңыдан ротацияланып барган жергиликтүү соттордун төрагалары жана орун басарлары  менен кеңешме өткөрдү.


Төрага 2022-жылдын 16-майындагы тиешелүү буйруктардын негизинде  Бишкек шаардык сотунун жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустук сотторунун төрагалары, төрагалардын орун басарлары 5 жылдык мөөнөткө дайындалгандыгын билдирди.


Замирбек Базарбеков коомчулукта  судьяларды которуу (ротациялоо) күчкө салып жүргүзүлдү деген сөздөр болуп жатканын айтты.


Судьяларды ротациялоо эч кандай күчкө салып жүргүзүлбөгөндүгүн Сиздер жакшы билесиздер, анткени ар бир судья ротациялоого макулдугун билдирип “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамына ылайык, өз ыктыяры менен арыздарын жазып беришкен. Ошондуктан, мыйзамдар менен иштеп, мыйзамды түшүнгөн судьялардын арасында мындай сөз болбошу керек жана мындай сөздөрдү жүргүзүүнү кескин түрдө токтотуу керек”, деп билдирди төрага.


Онлайн кеңешменин жүрүшүндө судьялардын турак-жайлар  менен камсыз кылуу маселеси дагы көтөрүлдү.


Бир жерден башка бир жерге көчүп барган судьяларга мыйзамга ылайык башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу, алардын чыгымдарынын ордун жабуу да  Министрлер Кабинети тарабынан каралып жаткандыгын кошумчалады.


Мындан тышкары  ротацияга чейин каралып башталган, бирок чечим же өкүм чыкпай калган иштер  республика боюнча бар экендигин, иштерди кароонун мөөнөттөрүнө, сапаттарына өзгөчө көңүл бурууну талап кыла тургандыгын Замирбек Базарбеков баса белгиледи.


Менин айтайын дегеним, которуулар болду, бирок ошондой каралып бүтпөй калган иштерди аларды карап баштаган судьялар эмес, алардын ордуна иштегени барган судьялар кайра карап башташы керек. Кайра баштап караганда дагы элдин нааразычылыгын жаратпоо үчүн аларды тез арада карап бүтүрүүгө тийиш”, -деп билдирди Жогорку соттун төрагасы.


Онлайн кеңешмеде жергиликтүү соттордун төрагалары айрым аймактарда судьяларды жайгаштырууда кыйынчылыктар болуп жатканын, бирок бул иштерди кароо процессине эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын  айтышты.


Ошондой эле төрага жакын арада ротацияланып барган судьяларды жеринде барып көрүп, иштерди өз убагында каралып жаткандыгын текшере тургандыгын билдирди.