KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков  спорт жаатында ийгилик жаратып жаткан судья Илияс Керимкуловду куттуктады

18 мая 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Илияс Керимкуловду жөө күлүктөр арасында ийгилик жараткандыгы үчүн куттуктады.


2022-жылдын 14-майында Чолпон-Ата шаарында эң ири марафондордун бири   Шанхай кызматташтык  уюмунун «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization»   X- Эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өткөн.  Марафондун негизги максаты  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн  интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналган.


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы   Илияс Керимкулов да аталган марафонго катышып, 21 чакырымды 1 саат 58 минут 26 секунд убакта чуркап келген.


Марафонго  дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 3 миңден ашык жөө күлүктөрү  катышкан.


Замирбек Базарбеков судьялар  спорт жаатында дагы ийгиликтерди жаратып жаткандыгы мактоого арзый тургандыгын айтып,  судьяга мындан ары дагы ийгиликтерди каалап, белектерди тапшырды.


Илияс Керимкуловду Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Айбек Давлетов, Нурлан Мусаев, судья Айнаш Токбаева,  төраганын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев жана Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев куттукташты.


Белгилей кетүүчү жагдай,  судья Илияс Керимкулов 2022-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында  өткөн “Бакай Банк Жаз деми — 2022” жазгы жарышка катышып, анда 21 чакырымды 2 саат 1 минут 36 секунд убакта чуркап келген. Бул 40 жаштан жогорку спортчулар  үчүн жакшы жыйынтык экени белгиленет.


Өз кезегинде Илияс Керимкулов Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго атайын чакырып куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы жөө күлүктөр арасында ийгиликтерди жаратууга бардык аракетин көрө тургандыгын кошумчалады.