KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш аземине катышты

15 марта 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде көрүнүктүү мамлекеттик жана париялык ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдык мааракесине арналган “Улуттун сүйгөн  улуу инсаны” туруктуу экспозициясынын салтанаттуу ачылышына катышты.


Иш чара мамлекеттик ишмерлер аллеясында жайгашкан Кыргыз ССРинин партиялык жана мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Сүйөркулов Абды Сүйөркуловичтин эстелигине гүл коюу менен башталды.


Көргөзмөнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.


«Урматтуу мекендештер, Абды Суеркуловдун өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы аттын кашкасындай даана көрүнүп турат. Анын демилгеси, анын аракети, анын жетекчилиги астында ийгиликтүү ишке ашырылган иштер киндик каны тамган Кетмен-Төбөдө, Ноокатта, Жалал-Абадда, Таласта, Бишкекте да бар. Башкача айтканда, ал киши из калтырбаган аймак аз. Ал кайсы убакытта, кайсы жерде, кандай кызматтарда иштебесин,  бардык жерде акылын азык кылып, каруусун казык кылып, берилип иштеген. Элибиз аны ошон үчүн сыйлайт, ошон үчүн кадырлап барктайт. Мына ошондуктан анын өз эли үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги азыр дагы элим үчүн ак кызматын аянбайт деген бийлик жетекчилерине мыкты өрнөк, ал эми келечек муундар үчүн чыныгы элдик уулдун бийик үлгүсү», — деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.


Жогорку соттун төрагасы өз сөзүндө Абды Сүйөркулов көзү тирүү кезинде мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап, таза иштегендиктен өзүнө үй да салбаганын белгиледи. Пенсияга чыкканда өзү жашаган кызматтык үйү Өкмөт тарабынан менчикке берилген. Абды Сүйөркулов көзү өткөнчө өмүрүн ошол жерде өткөргөн. Балдары атасынын атын жамынбай, элге кадыр-барктуу, чоң кызматка умтулган эмес.


Маалым болгондой, Абды Сүйөркулов кыргыз мамлекетинин жана мамлекеттик курулушунун өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери. 1912-жылы 25-декабрда Ош облусунун Токтогул районундагы Торкент айылында туулган. 1946-1950-жылдары Кыргыз ССР КП БКнын үчүнчү, экинчи катчысы, 1950-1958-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1959-1969-жылдары Кыргыз ССРинин соода министри  болгон. Ал эми 1971-1978-жылдары Кыргыз ССРинин эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн директору кызматын аркалаган. Абды Сүйөркулов бир нече жолу СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.