KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алды

03 августа 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 2022-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеваны кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ювеналдык юстицияга тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди козгошту. Атап айтканда, Гаагада 2007-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган “Балдарга жана үй-бүлөнү багуунун башка түрлөрүнө алименттерди өндүрүүнүн эл аралык тартиби жөнүндө” Конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусунун зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү.


Аталган Конвенция балдарга жана үй-бүлөнү багуунун башка түрлөрүнө алименттерди чет өлкөдө натыйжалуу өндүрүп алууга, атап айтканда, Конвенцияга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда кызматташуунун комплекстүү тутумун түзүү, алимент өндүрүү жөнүндө чечим чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүү, алимент өндүрүү жөнүндө чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүү жолуна багытталган.


Төрага соттук коргоо баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу жана артыкчылыктуу коргоону камсыз кылуунун маанилүү кепилдиктеринин бири экендигин белгиледи.


Балдардын кызыкчылыктарына тиешеси бар иштер боюнча сот талашты баланын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жана баланын пикирин эске алуу менен анын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи кезекте таануу принцибине негизделгени баса белгиленди. Тараптар бул категориядагы иштерди кароонун мөөнөттөрүнө да токтолушту.


Ошондой эле, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жашы жете электерге карата физикалык жана сексуалдык зомбулук, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук иштери боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.