KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: Эл аралык бейтарап соттун Кыргызстанда өнүгүшү биздин мамлекет үчүн да, жалпы сот тутуму үчүн да чоң мааниге ээ

29 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-сентябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын  Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соттун 20 жылдыгына арналган юбилейлик конференциясы башталды.


Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков ата мекендик коммерциялык арбитражды өнүктүрүүнүн маанилүү этаптарын белгилеп, азыркы өнүгүү деңгээлине токтолду.


«Бүгүнкү күндө бейтарап сот өлкөбүздүн Конституциясында бекемделген жана анын чечимдерин аткаруу маселелери боюнча жалпы юрисдикциядагы соттор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кыйла ийгиликтүү иш алып барат.


Биздин өлкөдөгү Эл аралык бейтарап сот талаш-тартыштарды соттон тышкаркы көз карандысыз чечүүнүн институту катары жарандар жана юридикалык жактар ​​үчүн чоң мааниге ээ, анткени бейтарап соттун максаттары тараптардын бири-бирине болгон ишенимин арттыруу, соттордун жүктөмдөрүн азайтуу,талаш-тартыштарды чечүү үчүн материалдык жана убакыт чыгымдарын кыскартат. Анткени, бейтарап сот  мамлекеттик сотторго салыштырмалуу  экономикалык талаш-тартыштарды көз карандысыз кесипкөй арбитрлер аркылуу тез арада чечүүнү камсыз кылат жана анын чечимдери алар чыгарылгандан кийин дароо күчүнө кирип, даттанууга жатпайт, – деди Замирбек Базарбеков.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгү – 2-фаза” долбоорунун, жакынкы чет мамлекеттердин Япония, Европа жана АКШнын бейтарап сотторунун өкүлдөрү катышууда.


Бир катар спикерлердин дүйнөлүк бейтарап сотторду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча чыгып сүйлөшү, ошондой эле панелдик сессияларда талкуулар күтүлүүдө. Катышуучулар жалпысынан азыркы замандын глобалдык маселелерин козгоп, электрондук соттук териштирүүлөр жана жасалма интеллект, ошондой эле пандемия доорундагы арбитраждын өнүгүшү, талаштарды чечүүнүн аралаш формалары, Борбордук Азиядагы арбитраждын жаңы тенденциялары жана башка маселелерге токтолушат.