KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту

07 октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 7-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки мамлекеттин сот тутумдарынын ортосундагы мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүнүн башка аспектилерин талкуулашты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын укуктук жана юридикалык институттарын санариптештирүүнүн уникалдуу тажрыйбасы эң актуалдуу изилдөө темаларынын бири болуп саналарын белгиледи.


2016-жылдын июнь айында эле Кытай Эл Республикасында бүт процесстин ачыктыгы менен онлайн процесстеринин толук циклин түзгөн «Акылдуу сот» системасын түзүү аяктаган. «Акылдуу сот» системасы компьютердик форматтан мобилдик форматка кеңейтилген. Ошондой эле, Кытай Эл Республикасын соттору жүзүн таануу, алыстан аудио жана видео жазуу, электрондук кол коюу, электрондук далилдерди көрсөтүү, иштин архивин генерациялоо, сот процессин башкаруу функцияларын колдонгон «Мобилдик микро-сот» электрондук платформасын түзүштү жана азыркы учурда аталган платформаны жигердүү өркүндөтүп жатышат. Мунун баары блокчейн, жасалма интеллект жана башкалар сыяктуу жаңы технологияларды колдонуунун натыйжасында мүмкүн болду.


Ду Дэвэн укуктук жактан дагы эки өлкөнүн кызматташтыгы бекем экендигин белгилеп, эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы ишенимдүү кызматташтык улантылат деген ишенимин билдирди.


Жолугушуунун соңунда тараптар кеңири кызматташтык жана терең байланыштар улантыла тургандыгын ырасташты.