KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

«Жаш адистердин жумушка орношуусу, биргеликте көйгөйлөрдү чечүү»

13 ноября 2019

2019-жылдын 28-октябрь күнү «Жаш адистердин жумушка орношуусу, биргеликте көйгөйлөрдү чечүү » аттуу иш чарада Баткен  облустук  сотунун Баткен райондор аралык сотунун судясы Таир Туленбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облусундагы филиалынын  жетекчиси  Акмал Разаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Баткен  Мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган тегерек столго катышышты .


Жолугушууда жаш адистердин бүгүнкү күндө келечекте туура жолду тандоосу боюнча  студенттер арасында кызуу талкуу болуп өттү.


Бул иш чарада Баткен райондор аралык сотунун судясы  Т. Туленбаев   студенттерге өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурстар тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин  жөнгө салуучу жаңы мыйзамдар менен тааныштырып өттү .