KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон, Аксы райондук жана Кара-Көл шаардык сотторунда жаңы төрагалар шайланды

01 апреля 2019

Базар-Коргон райондук сотунун мурдагы төрагасы Эргешов Сулайман Кадырбекович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө мыйзамынын 24-беренесинде көрсөтүлгөн төрагалык кызматынын 3 жылдык мөөнөтү аяктап калгандыктан, Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы болуп ошол эле соттун судьясы Маматов Темирбек Тайырбекович шайланды.


Ошол эле негиздер менен Кара-Көл шаардык сотунун мурдагы төрагасы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичтин мөөнөтү аяктап, Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы болуп ошол эле соттун судьясы Миркамилов Нурлан Мирпазылович шайланды.


Ал эми  Аксы райондук сотунун мурдагы төрайымы Насирова Ташкан Жумабаевнанын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Аксы райондук сотунун төрагасы болуп ошол эле соттун судьясы Дарманкулов Манасбек Маширапович шайланды.


Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусу Бактыбек Султанканов аталган аймактарга барып, аппарат кызматкерлерине  чогулуш  өткөрүү менен жаны шайланган төрагаларды тааныштырды.


 


                                               Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы