KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту биринчи жарым жылдыкты чыгарышты

07 августа 2019

Жалал-Абад облустук сотунда жергиликтүү соттордун  2019-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштердин абалы жана каралган иштердин  сапаты боюнча жыйын өткөрүлдү.


Жыйында Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Бактыбек Султанканов, Абдимиталип Абылакимов жана Каныбек Токтосун уулу жарым жылдыкта каралган иштердин  сапаттары  боюнча баяндамалар менен чыгышты. Иштерди кароодо судьялар тарабынан келтирилген олуттуу каталар жана жетишкендиктер жөнүндө талкуу, суроо жооп болду.


Жыйында маалым болгондой, 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы жергиликтүү соттордо  511 жазык иши каралып, бул өткөн жылга  караганда 222 ишке же 30% пайызга аз (733 иш) каралган. Ал эми  апелляциялык жана кассациялык тартипте облустук сотто 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында 141 иш 165 адамга карата каралып, бул өткөн жылга караганда 1 ишке же 0,7% пайызга көп (140 иш 165 адамга карата).


Жарандык иштер боюнча 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы жергиликтүү соттордо  4194 жарандык иши каралып, бул өткөн жылга  караганда 6,34% пайызга көп каралган (3944 жарандык иши). Ал эми 2018-жылдын 1-жарым жылдыгынын ичинде апелляциялык (кассациялык) тартипте облустук сотто 204 иш каралган же 8,9% пайызга аз каралган (224 жарандык иши).


Жалал-Абад областынын райондор аралык соту тарабынан 2019-жылдын 1-жарым жылдыкта экономикалык жана административдик иштер  боюнча жалпы 316 иш каралып, бул 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында каралган иштер 189 ишке же 37,42% пайызга азыраак (505 иш) көрсөткүчүн түзөт.


Жыйынга  катышкан соттор  жазык иштери, жарандык иштери жана айыпталуучуларга бөгөт коюу чаралары боюнча иштерди кароодо өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик алым боюнча талкуу жүргүзүштү.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков  жергиликтүү сотторду  иштерди кароодо сапатын жогорку дээңгелге көтөрүүнү, сот өндүрүшүнө түшкөн иштерди автоматташтырылган маалымат системасына  каттоону  жана кабыл алынган соттук актыларын act.sot.kg сайтына  киргизүүнү көзөмөлгө алууну судьяларга милдеттендирди. Медиаторлор менен тыгыз иштешүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын эске салды.


 


 


                                                            Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы