KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттор жаңы мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн окуп жатышат

01 июля 2020

2020-жылдын 26-июнь күнү Жалал-Абад областтык сотунун жыйындар залында Жалал-Абад облусунун төраганын орун басарлары тарабынан жергиликтүү сотторго жаңы мыйзамдар жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу кезектеги окуу өткөрүлдү.


Аталган жыйынга Жалал-Абад областтык административдик, Жалал-Абад шаардык, райондук соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.


Жалал-Абад областтык сотунун төраганын орун басарлары Бактыбек Султанканов, Абдумиталип Абылакимов жана Токтосун уулу Каныбек тарабынан мыйзамдарга жаңы киргизилип жаткан өзгөрүүлөр, мунапыс мыйзамы боюнча жана экономикалык иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча талкуу  жүргүзүлдү.


Жалал-Абад облсттык сотунун төраганан орун басарлары, окууга келип катышкан судьяларга  ыраазычылык билдиришип, ишинде ийгиликтерди каалашты.  Ошондой эле судьяларды окутуу иштери мындан ары дагы улантылып, судьяларды жаңы мыйзамдарды практикада колдонууда пайда болгон суроолору боюнча областтык сотко кайрылса болору айтылды.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы