KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот: Элге ыңгайлуу, жеткиликтүү сот тутуму түптөлүүдө

04 сентября 2020

Убакыт коомду жаңыланууга түртүп, дүйнө глобалдашууга бет алган заманда жашап жатабыз. Ага ылайык, өлкөбүздүн баардык тармагында санариптештирүү иштери жүрүүдө. Мамлекеттик органдар бир бүтүн мекемелер аралык электрондук байланышты түзүүнү шарттаган “Түндүк” системасына биригип, жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматтарын жеңилдетүүнү, эң башкысы ачыктыкты камсыздоону көздөгөн чечкиндүү аракеттерге барып жатышат. Бул процесстен сот тутуму да четте калган жок. Санариптештирүүнүн алкагында бүгүнкү күндө соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасы 64 жергиликтүү сотто иштеп жатат. Ал эми 2020-жылдан баштап бул система Бишкек шаардык соту менен  Чүй облустук сотторуна пилоттук режимде киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапардын алкагында Жайыл райондук сотунда болуп, санариптештирүү  иштери менен жакындан таанышты. Буга чейин бир дагы өлкө башчысы Жайыл райондук сотуна келген эмес. Мамлекет башчысы аталган соттун атвоматташтырылган маалымат системасы,  сот залдарындагы аудио жана видео жазуулардын иштеши,  видеоконференция байланыш аркылуу аралыктан сурак жүргүзүү иштерине кызыкты.


Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жайыл райондук сотунун сот жыйындары өтүүчү  залдарда аудио жана видео жаздыруу системасы киргизилгенин маалымдады. Автоматташтырылган маалыматтык система келип түшкөн иштерди автоматтык түрдө каттайт жана соттордун иш-жүктөмүн тең бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, адам факторун жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тобокелчилигин жоет. Бул чаралар сот процесстеринин ачыктыгына, соттук этиканын сакталышына жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Президент Сооронбай Жээнбеков  Жайыл райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери менен баарлашууда соттук чечимдердин кынтыксыздыгын, жалпы эле сот системасынын ачыктыгын жана отчеттулугун камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Жайыл райондук сотунун ишмердигин санариптештирүүнү канааттануу менен белгилеп, сот өндүрүшүнүн калыстыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иш жүзүндө алдыңкы технологияларды туура жана натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына көңүл бурду.


Жайыл райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаевдин айтымында сотто иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы иштеп жатат. Иш келип түшсө мурдагыдай аны төрага бөлүштүрө албайт. Судьялардын жүктөмүнө жараша система өзү бөлүштүрөт. Мындан тышкары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен аралыктан сурак жүргүзүү иштери дагы жөнгө салынган.


 Ал эми аталган сотто автоматташтырылган маалымат системасы  2019-жылдан бери иштеп келет. Бул система  сотко арыз берген учурдан баштап,  анын ичинде бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды “электрондук ишти” түзүүнү карайт.


 Жайыл райондук сотунда 3 сот залы болсо, алар  толугу менен аудио жана видео жазуулар менен камсыздалган. Сотто болгону 6 судья иштеп, айына бир судья 30-40 ишти кароого туура келет. Бирок, алдыңкы санарип технологияларын колдонуу, соттордун ачыктыгын камсыз кылып, элге ыңгайлуу, жеткиликтүү сот тутуму түптөлүүдө деп ишенимдүү айтсак болот.


https://kyrgyztoday.org/news_ky/zhogorku-sot-elge-yngajluu-zhetkiliktuu-sot-tutumu-tuptoluudo/