KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку Сот: "Жаңы жылдан тартып беш мыйзам күчүнө кирет"

31 октября 2018



Кыргыз Республикасынын Жазык, Жоруктар жөнүндө, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстери, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамы 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.


Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда «Жазык-укуктук багыттагы жаңы мыйзамдар» аталышындагы маалымат жыйында айтылды.


Белгилүү болгондой, жаңы Жазык кодексинин негизги максаттары болуп сот адилеттигин гуманизациялоо, кылмыштуу жосундарды декриминализациялоо, жаза түрлөрүн жана тутумун реформалоо саналат.


Учурда колдонулуп жаткан Кылмыш-жаза кодексинен кылмыш жоруктары бөлүнүп алынып, жаңы Жоруктар жөнүндөгү кодекске киргизилет. Бул кодекске кирген кылмышка шектүүлөр коркунуч келтирбеген кылмышкер катары саналып, соттолгон жаран болуп эсептелет.


Колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде «адам өлтүрүү» айыпталуучунун санкциясына ылайык мүлкүн конфискациялоо, 12 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган болсо, жаңы кодексте жашы жетелектер — 8 жылдан 10 жылга чейин, ал эми жарандар үчүн — 12 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген.


Ошондой эле колдонулуп жаткан кодексте биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылгандан тартып, он күндүн ичинде күчүнө кирсе, жаңы кодексте инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштамалар соттун өкүмү чыгарылгандан тартып 30 күндүн ичинде күчүнө кире баштайт.




Автор: Айсалкын Качкынбекова