KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Ысык-Ата райондук сотунун абалы менен таанышты

21 июня 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук сотунда иш сапар менен болду.


Төрайымды аталган соттун төрайымы Айжан Рыскулова тосуп алып, соттун ишмердүүлүгү менен тааныштырып чыкты.


Нургуль Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, судьялардын  жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды.


Нургуль Бакирова жаңы кабыл алынган  Конституцияга ылайык,  сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар шайкеш келтирилип жаткандыгын кошумчалады.


Төрайым райондук  соттун судьяларын  иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.