KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы жергиликтүү соттор менен видеоконференция өткөрдү

11 октября 2019

Бүгүн,  2019-жылдын 11-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция өткөрдү.


Видеоконференцияда төрайым   аудио жана видео жазуу боюнча маселени көтөрүп, жергиликтүү соттордун төрагаларынан  9 айдын жыйынтыгы боюнча  статистикалык отчёт тапшырууда канча сот процесси болуп, анын ичинен канчасы  аудио жана видео жазуудан өткөнүн көрсөтүүнү талап кылды.


Мындан тышкары соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасына канча иш катталганын дагы кылдат карап  чыгаарын айтып, буга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.


Г.Калиева Сот адилеттигинин жогорку мектебинде сабактар  мамлекеттик тилде  өтүүсүнө басым жасалып жатканын айтып,  судьяларга  кыргыз тилинде лекцияларды өтө турган тренерлерди тандоо боюнча сынак жарыяланаарын белгиледи.


Төрайым жергиликтүү соттор менен өткөн буга чейинки видеоконференцияда Судьялар ассоциациясын  жандандыруу боюнча маселе көтөргөн болчу. Бул боюнча жергиликтүү соттордун судьялары өз сунуш-пикирлерин айтышты.


Видеоконференциянын жыйынтыгында Гульбара Калиева судьяларга  сот системасынын  ачык-айкындуулугун камсыздоо бүгүнкү күндүн  талабы экендигин  эскертти.