KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы ЖМК жетекчилери менен жолугушту

30 мая 2020

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кечээ КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева Бишкектеги 20га жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана редакторлору менен жолугушту. Мындан тышкары, биринчи жолу бул жолугушууга аймактардагы ири медиа борборлордун, гезит жана телевидениялардын өкүлдөрү онлайн-форматта катышууга мүмкүнчүлүк алышты.


Ошондой эле иш-чарага Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын негизги эксперти Александр Тэнасе жана аталган Программанын улуттук эксперти Илгиз Приев дагы катышты.


Белгилүү болгондой, катышуучулар сот системасынын ар кыл аспектилерин: судьялардын айлык акысы, соттордогу санариптештирүү, соттордун карантин учурундагы аралыктан сурак жүргүзүүсү, судьялардын статусунун өзгөчөлүктөрү жана көз карандысыз сот бийлиги туурасында сөз болуп, соттордун ЖМК менен өз ара кызматташтыгын бекемдөө боюнча сунуштар айтылды.


Гүлбара Калиева редакторлордун суроолоруна ачык-айкын жооп берди. Баарлашуу жагымдуу маанайда өттү.


Мындай жолугушуулар жакшы салтка айланып, өзүнчө бир аянтчага айлануу менен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сот системасынын иши туурасында, жүргүзүлүп жаткан реформалар, сот адилеттигин жүргүзүүдө санарип технологияларын ишке ашыруу туурасында маалыматтарды төрайымдын өзүнөн алууга мүмкүнчүлүк түздү.


Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сот отурумдарын чагылдырып, сот системасынын ишмердүүлүгү туурасында жазган журналисттер үчүн сот системасынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иш алып баруусу боюнча колдонмо таркатылды.


kabar.kg