KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Алмаз Ибраевди кабыл алды

25 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 25-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин  мүчөсү Алмаз Ибраевди кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына талапкерлерди тандоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.


Алмаз Ибраев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишмердүүлүгүн талдоо жана баалоо боюнча мониторинг тобунун төрагасы экенин белгилейбиз. Топ өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан соттордун XII съездинде айтылган сот адилеттигин ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ жана моралдык принциптери жогору кесипкөй кадрларды тандоо зарылчылыгы жөнүндө талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иш алып барат.


Эске салсак, мамлекет башчынын 2021-жылдын 8-июлундагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик  кеңеш түзүлгөн.


Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.


Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...