KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жобо

16 октября 2025

Кыргыз Республикасынын


                                                                                                Жогорку сотунун Пленумунун


                                                                                            2022-жылдын 4-ноябры


                                                                                            №26-токтому менен бекитилди


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңеш жөнүндө


Жобо


(КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 14-октябрындагы №28-токтомунун редакциясына ылайык)


 


1.             Жалпы жоболор


1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңеш (мындан ары — Кеңеш) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары — Жогорку сот) Регламентине жана ушул Жобого ылайык иш алып барган кеңешүүчү орган болуп эсептелинет.


2. Кеңештин негизги милдети сот практикасы үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча илимий негизделген сунуштамаларды, ошондой эле мыйзамдарды жана соттор тарабынан укук ченемдерин колдонуу ишин жакшыртуу боюнча жолдомолорду даярдоо болуп саналат. Кеңеш сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көрсөтүүгө чакырылган.


3. Жогорку соттун Пленуму (мындан ары — Пленум) ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.


2. Кеңешти түзүүнүн тартиби жана курамы


4. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынан, төраганын орун басарларынан жана судьяларынан, жергиликтүү сотторунун судьяларынан, отставкадагы  судьяларан, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлеринен, юрист-окумуштуулардан түзүлөт: Кеңеш төраганын, секциялардын жетекчилеринин, катчы жана Кеңештин мүчөлөрүнүн курамында иш алып барат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын, ошондой эле анын орун басарларынын жана Кеңештин катчысынын сунушу боюнча укук коргоо органдарынын, юстиция органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, юрист-практиктер, ошондой эле башка квалификациялуу адистер Кеңештин ишине катыша алышат.


(КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 14-октябрындагы №28-токтомунун редакциясына ылайык)


 5. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынан, төраганын орун басарларынан жана судьяларынан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынан (мындан ары — жергиликтүү соттордун судьялары), юрист-окумуштуулардан, укук коргоо, юстиция органдарынын кызматкерлеринен, адвокаттардан, юрист-практиктерден түзүлөт: Кеңештин төрагасынын, секциялардын жетекчилеринин, катчы жана мүчөлөрүнүн курамында иш алып барат.


6. Кызматы боюнча Кеңештин төрагасы болуп Жогорку соттун төрагасы саналат; секциялардын жетекчилери болуп Жогорку соттун жазык иштери, жарандык жана экономикалык иштер, административдик иштер боюнча соттук коллегияларынын төрагалары саналат.               Кеңештин катчысы Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларынын ичинен шайланат.


7. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди 4-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, орун басарлары, судьялар сунуштайт.


(КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 14-октябрындагы №28-токтомунун редакциясына ылайык)


 8. Кеңеш бекитилген күндөн тартып беш жыл бою коомдук башталышта иш алып барат.               Беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин Кеңештин мүчөсү Кеңеш менен байланышы үзүлгөн (системалуу түрдө жыйындарга катышпай калганда, талкуулоого катышуудан качууда, анын ичинде он-лайн режиминде) учурда ал Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Пленум тарабынан мүчөлүктөн чыгарылышы мүмкүн.


9. Кеңештин курамында төмөнкү секциялар түзүлөт:               — жазык-укук маселелер боюнча;               — жарандык жана экономикалык-укук маселелер боюнча;               — административдик-укук маселелер боюнча.               Кеңештин секциялары илимий негизделген сунуштамаларды даярдоо боюнча иш алып барган туруктуу орган болуп саналат


3. Кеңештин функциялары


10. Кеңеш сот ишинде келип чыккан маселелерди изилдейт жана тийиштүү сунуштамаларды:


а) мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыган Жогорку соттун Пленумунун токтомдорунун долбоорлору боюнча;


б) сот практикасынын жана сот статистикасынын материалдарын жалпылоо боюнча;


в) мыйзам чыгаруу демилге укугунун ээси катары Жогорку сот тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлору, ошондой эле Жогорку соттун кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча;


г) Жогорку сот тарабынан иштелип чыккан нускамалардын долбоорлору, методикалык каттар жана башка документтер боюнча;


д) жергиликтүү соттордун төрагаларынын материалдык жана процессуалдык укук ченемдерди соттордун колдонуусуна байланыштуу болгон суроо-талабына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын маалымат каттарынын долбоорлоруу боюнча;


(КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 14-октябрындагы №28-токтомунун редакциясына ылайык)


е) судьялардын квалификациясын жогорулатууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ишмердүүлүгүндө пайда болгон  маселелер боюнча сунуштамаларды даярдайт.


11. Кеңеш ар 5 жыл сайын мурда кабыл алынып жана колдонулуп жаткан Пленумдун токтомдорун карап чыгат жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү үчүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен аракеттеги укук ченемдик актыларга ылайык келишине, ошондой эле Пленумдун жаңы токтомдорунун кабыл алынуусуна талдоо жүргүзөт.


4. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары


12. Кеңештин төрагасы:               — ушул Жобого ылайык Кеңештин ишин уюштурат;               — Кеңештин жыйынында каралуучу маселелерди аныктайт;               — секциялардын жетекчилерине, Кеңештин мүчөлөрүнө жана катчысына тапшырмаларды берет;               — Кеңештин жыйынында төрагалык кылат;               — Кеңештин сунуштарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт жана бул сунуштар боюнча Жогорку сот тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымдайт;               — Кеңештин иш планын бекитет;               — ушул Жободо каралган башка функцияларды аткарат.


13. Кеңештин секцияларынын жетекчилери:               — тиешелүү секциялардын ишин уюштурушат;               — жыйындарда карала турган маселелерди аныкташат;               — Кеңештин мүчөлөрүнө жана катчысына тапшырмаларды беришет;               — Кеңештин тиешелүү секцияларынын жыйындарында төрагалык кылышат жана алар иштеп чыккан сунуштарды ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алышат.               Кеңештин төрагасы жок болгон учурда же анын тапшырмасы боюнча    секциялардын биринин жетекчиси Кеңештин жыйындарында төрагалык кылат.


14. Кеңештин катчысы Кеңештин жана анын секцияларынын ишин камсыз кылуу максатында:


а) Кеңештин төрагасынын жана секцияларынын жетекчилерини н тапшырмасы боюнча Кеңештин жыйналышынын күн тартибин даярдайт;


б) Кеңештин жыйналышында талкуулоо үчүн Кеңештин мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга секциялардын жетекчилери, Пленумдун катчысы тарабынан берилген материалдарды даярдайт;


в) Кеңештин боло тургажыйналышы жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга кабарлайт;


г) Кеңештин отурумуна кароого коюлган маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сунуштамалардын долбоорун даярдайт;


д) Кеңештин отурумдарынын протоколдорунун жүргүзүлүшүн камсыздайт.


(КР ЖС Пленумунун 2025-жылдын 14-октябрындагы №28-токтомунун редакциясына ылайык)


15. Кеңештин мүчөлөрү:               — сот практикасын изилдөөгө жана жалпылоого, Кеңештин жыйындарында карала турган маселелерди изилдөөгө катышат;               — илимий жактан негизделген сунуштардын долбоорлорун даярдоо боюнча тапшырмаларды аткарат;               — Кеңештин жана анын секцияларынын ишин уюштуруу, планы жана темалар боюнча тиешелүү сунуштарды берет, тийиштүү секциялардын жыйындарына катышат;               — Кеңештин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;               — сот практикасы боюнча илимий негизделген сунуштарды даярдоо боюнча материалдарды Кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу;               — ушул Жободон жана Кеңештин иш пландарынан келип чыгуучу башка тапшырмаларды аткарат.


16. Кеңештин мүчөлөрү Жогорку соттун төрагасынын чакыруусу боюнча Пленумдун жыйналыштарына келүүгө жана сот ишинин жалпы маселелерин талкуулоого катышууга, ошондой эле белгиленген тартипте сот практикасынын материалдары жана сот статистикасы менен таанышууга укуктуу.


17. Кеңештин ишин камсыз кылууга жигердүү жана натыйжалуу жардамдашкандыгы, сот тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн Кеңештин мүчөлөрү белгиленген тартипте Жогорку соттун сыйлыктары менен сыйланышы мүмкүн.


5. Кеңешти уюштуруу жана иштөө тартиби


18. Кеңештин ишин техникалык жактан тейлөөнү, анын мүчөлөрүн зарыл маалыматтар жана материалдар менен камсыз кылууну Жогорку соттун аппараты (мындан ары — Аппарат) ишке ашырат.


19. Кеңештин жыйындарынын планы Кеңештин катчысы тарабынан түзүлөт, жыйын өткөрүүдөн 30 календардык күндөн кечиктирбестен секциялардын жетекчилери тарабынан виза коюлуп, Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет. Планда Кеңештин отурумунун күн тартибинде карала турган маселелер, жооптуу адамдар жана мөөнөттөр көрсөтүлөт.


20. Кеңештин жыйындары иш планга, ал эми Кеңештин секцияларынын жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.


21. Эгерде Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын ½ бөлүгүнөн көбүрөөгү катышса, Кеңештин жыйыны ыйгарым укуктуу болуп саналат. Кеңештин тиешелүү секцияларынын жыйындарын өткөрүүдө кворум тиешелүү секциянын мүчөлөрүнүн катышуусунун жарымынан аныкталат.


22. Кеңештин жана анын секцияларынын жыйындарында карала турган маселе боюнча күн тартипти жана материалдарды, Кеңештин катчысынын тапшырмасы менен анын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүүгө чейин он календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө аппараттын кызматкери жөнөтөт.


23. Кеңештин жана анын секцияларынын жыйынына катышууга анын мүчөсү болбогон Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери, практиктер жана илимий кызматкерлер — илимдин түрдүү тармактарынын адистери тартылышы мүмкүн.               Татаалыраак жана актуалдуу маселелерди изилдөө үчүн Кеңештин курамында   Кеңештин төрагасы же секциялардын жетекчилери тарабынан Кеңештин курамынан турган жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Жумушчу топтордун курамына Кеңештин мүчөсү болбогон практиканын жана илимдин ар кандай тармактарынын адистери тартылышы мүмкүн.


24. Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилүүчү маселелер Жогорку соттун кароосуна көрсөтүлүүгө тийиш.


25. Кеңештин жыйналышында каралуучу маселелер боюнча сунуштар жазуу жүзүндө же электрондук түрдө таризделип, талкуулоо үчүн суроо же көйгөй түрүндө көрсөтүлүп, талаштуу жагдайдын жүйөсү же актуалдуулугу кыскача баяндалышы керек.


26. Маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Кеңештин чечими сунуш түрүндө кабыл алынат.


27. Кеңештин чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болуп калса, чечүүчү добуш Кеңештин төрагасына таандык болот.


28. Кеңештин сунуштары 14 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Кеңештин төрагасынын жана катчысынын колу коюлуп даярдалышы керек.


29. Техникалык секретарь – аппараттын кызматкери тарабынан Кеңештин (анын секциясынын) жыйынынын жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт. Протоколдо Кеңештин жыйналышынын датасы, сааты жана орду, жыйналышка катышкандар, Кеңештин (Кеңештин секцияларынын) жыйналышынын кароосуна чыгарылган маселелер, күн тартиби боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн пикирлери көрсөтүлөт.


30. Кеңештин анын секцияларынын жыйналышынын протоколуна беш жумушчу күндүн ичинде Кеңештин төрагасынын же тиешелүү секциянын жетекчисинин колу коюлат.


31. Кеңештин жыйынында кабыл алынган сунуштар жыйындын протоколуна киргизилет.


32. Кеңештин жыйындары онлайн режиминде өткөрүлүшү, аудио жана (же) видео жазуу менен коштолушу мүмкүн.


33 Кеңештин төрагасы сунуштардын каралышынын жыйынтыктары жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт.


34. Кеңештин төрагасы Пленумга Кеңештин иши жөнүндө маалымат берет.


35. Кеңештин сунуштары “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бюллетени» журналына жарыяланат жана Жогорку соттун расмий сайтына жалпыга жеткиликтүү ачык  жайгаштырылат.


Бул маалыматтарды берүү Кеңештин катчысына жүктөлөт.


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...