2026-жылдын 15-июлунда Жалал-Абад облусунун Манас шаардык сотунун судьясы Алина Картамбаева Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) өткөн «Сот адилеттиги тутумундагы аялдар: диалог, өнүгүү жана адилеттүүлүк» деп аталган эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чарага сот органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук катышып, сот адилеттиги тармагында гендердик теңчиликти камсыз кылуу, сот тутумунда аялдардын ролун кеңейтүү, ошондой эле коомдук мааниге ээ иштер боюнча сот практикасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
«Гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү» темасында баяндама жасаган Алина Картамбаева азыркы учурда ар бир жарандын сот аркылуу коргонууга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылмайынча жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоймойунча сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин белгиледи.
Анын айтымында, гендердик сезимтал сот адилеттиги бир жыныска экинчисине караганда артыкчылык берүүнү көздөбөйт, тескерисинче, мыйзам жана сот алдында баарынын тең укуктуулук принциптерин ишке ашырууга багытталган.
Судья өз сөзүндө Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, аялдар менен эркектердин укуктарын мыйзам аркылуу коргоо кепилдиктери, ошондой эле сот тутумун өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы сот тутумунда аялдардын ролуна өзгөчө токтолду. Бүгүнкү күндө республикада сот адилеттигин 501 судья жүзөгө ашырса, алардын 95и аялдар. Анын ичинен 12 аял жергиликтүү соттордун төрагасы, бул көрсөткүчтөр сот тутумунда бирдей мүмкүнчүлүктөр принциби ырааттуу ишке ашырылып жатканын жана аял-судьялардын кесипкөйлүгүнө болгон ишенимдин жогору экенин айгинелейт.
Мындан тышкары, Алина Картамбаева Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүү маселесине токтолуп, электрондук сот өндүрүшүнүн, видеоконференцбайланыш аркылуу сот отурумдарына аралыктан катышуунун, электрондук документ жүгүртүүнүн жана башка санариптик кызматтардын киргизилиши жарандардын, анын ичинде алыскы аймактарда жашаган адамдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле бул технологиялар зомбулукка байланыштуу иштер боюнча процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга да көмөк көрсөтөрүн айтты.
Сөзүнүн соңунда Алина Картамбаева гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттигин өнүктүрүү заманбап сот тутумунун ажырагыс бөлүгү экенин жана коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанилүү шарты болуп саналарын баса белгиледи.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тажрыйба алмашып, гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттигин өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашты. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сот тутумдарын мындан ары өркүндөтүү максатында эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

