KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Регламент

12 июля 2023







Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   Пленумунун

2022-жылдын 22-апрелиндеги

№ 10 токтому менен

кабыл алынды



Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

РЕГЛАМЕНТИ


(КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2023-жылдын 2-июнундагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)


1-глава. Жалпы жоболор


1.1. Бул Регламент «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.


Регламент Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ички ишинин маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппараты үчүн милдеттүү болуп эсептелет (мындан ары — Жогорку сот).


1.2. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун иш кагаздарын жүргүзүү Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку соттун Пленуму тарабынан бекитилген Нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.


1.3. Жогорку сотто, жергиликтүү соттордо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларынын эсеби, маалыматтык сурап билүү иштери Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген Эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.


1.4. Жогорку сотто жана жергиликтүү соттордо статистикалык отчеттуулук Жогорку соттун төрагасы бекиткен формалар боюнча (кагаз жүзүндө же электрондук формада) жүргүзүлөт.


Статистикалык маалыматтар баштапкы эсепке негизделет, ал ар бир сот ишине, арызга жана даттанууларга эсептик-статистикалык карточкаларын жүргүзүүдөн турат жана Жогорку соттун төрагасы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө Жогорку сотко берилет.


Статистикалык отчеттуулукту так жана өз убагында берүү жоопкерчилиги Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларына, жергиликтүү соттордун төрагаларына, ал эми аларды иштетүү жана жалпылоо боюнча — Жогорку сотунун аппарат жетекчисине жүктөлөт.


1.5. Жогорку соттун Пленумунун компетенциясындагы Жогорку соттун иши жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана ушул Регламентке ылайык чечилет.


1.6. Соттук иштер кассация иретинде Жогорку сотунун соттук коллегияларынын соттук курамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, процесстик мыйзамдарында жана ушул Регламентте белгиленген тартипте каралат.


2-глава. Соттук коллегияларды жана соттук курамдарды түзүү тартиби


2.1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Жогорку сотто төмөндөгүдөй соттук коллегиялар түзүлөт:


— жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;


— жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;


— административдик иштер боюнча соттук коллегия.


2.2. Соттук коллегияларды — Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары жетектейт.


2.3. Соттук коллегиялардын жекече курамы Жогорку сотунун судьяларынын ичинен, Жогорку сотунун Пленуму тарабынан бекитилет.


Жогорку соттун төрагасы тиешелүү соттук коллегиянын курамына талапкерлерди бекитүү үчүн Жогорку сотунун Пленумуна сунуштайт.


2.4. Жогорку Соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары соттук коллегияларды түзүү жана судьялардын арасында иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү автоматташтырылган тутумунун иштешин камсыз кылат.


Автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузулган учурда Жогорку соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары соттук коллегияларды өз алдынча түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт.


2.5. Ар бир соттук курам Жогорку сотунун үч судьясынан турат.


Соттук курамды төрагалык кылуучу жетектейт жана соттук курамдын ишин уюштурат. Иш берилген судья, баяндамачы болуп саналат.


Айрым категориядагы иштер боюнча Жогорку соттун төрагасынын чечими менен атайын адистештирилген курамдар түзүлүшү мүмкүн.


2.6. Соттук курамда ишти карап жаткан судья ооруганда, кызматтык иш сапарга чыгып кеткенде, өзүн-өзү четтетүүдө, судьяны четтетүү жөнүндө билдирүү канааттандырылган учурда, ошондой эле башка учурларда аны соттук коллегиянын башка судьясы менен алмаштыруу соттук коллегиянын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.


Ар башка соттук коллегиялардын судьяларынан соттук курам түзүү жөнүндөгү маселе Жогорку соттун төрагасы тарабынан чечилет.


Судья алмашылгандан кийин ишти кароо кайра башынан башталат.


3-глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумун даярдоо жана өткөрүү тартиби


3.1. Жогорку соттун Пленуму Жогорку соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жана Жогорку соттун судьяларынын курамында иш алып барат.


3.2. Жогорку соттун Пленуму өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.


Жогорку соттун Пленумунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:


а) сот тажрыйбасын жана сот статистикасын иликтөөнүн жана жалпылоонун материалдарын кароо жана сотторго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө маселелерди талкуулоодо мыйзамдарды колдонуу боюнча соттук тажрыйба жөнүндө жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана судьяларынын маалыматын угушу мүмкүн;


б) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын ичинен Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча соттук коллегиялардын төрагаларын бекитүү;


в) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча соттук коллегиялардын жеке курамын жана Пленумдун катчысын Жогорку соттун судьяларынын ичинен бекитүү;


г) Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун Аппаратынын, жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин аппараттарынын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерин, ошондой эле башка адамдарды ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын сунушун кароо;


д) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку сотто жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманы, Жогорку соттун аппараты жөнүндө жобону бекитүү;


е) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңешти бекитүү;


ж) Жогорку соттун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын жана коллегиялардын иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын — Жогорку соттун соттук коллегияларынын төрагаларынын маалыматын угуу;


з) Жогорку соттун Регламентин кабыл алуу, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;


и) Жогорку сот тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун жактыруу;


к) сотторду уюштуруунун жана ишинин башка маселелерин кароо;


л) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;


м) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.


(КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2023-жылдын 2-июнундагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)


3.3. Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштары ачык айкын өткөрүлөт.


Пленумдун жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу.


Жогорку соттун төрагасынын чакыруусу боюнча Пленумдун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьялары, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү, укук коргоо жана башка органдардын өкүлдөрү катыша алат.


3.4. Жогорку соттун Пленумунун ишин уюштуруучулук, документациялык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну төмөндөгүлөр ишке ашырат:


— Пленумдун катчысы,


— Жогорку сотунун аппараты.


3.5. Жогорку соттун Пленумунун катчысы Жогорку соттун төрагасынын сунушу менен Жогорку соттун судьяларынын ичинен жыйынга катышкан судьялардын санынын көпчүлүгүнүн добушу менен үч жылга бекитилет. Жогорку соттун Пленумунун катчысы убактылуу болбой калган учурда анын милдеттерин Жогорку соттун төрагасы Жогорку сотунун судьяларынын бирине жүктөйт.


Жогорку соттун Пленумунун катчысы Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен бирге:


— Пленумдун жыйналыштарын даярдоо боюнча уюштуруу иштерин жүзөгө ашырат;


— Пленумдун жыйналышынын протоколун жүргүзүү жана өз убагында тариздөө боюнча ишти уюштурат;


— Пленумдун чечимдерин Жогорку соттун расмий сайтында жайгаштырууну жана Жогорку соттун бюллетенинде жарыялоону камсыз кылат;


— айтылган, жазуу жүзүндө келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен токтомдордун долбоорлорун кошумча иштеп чыгуу үчүн Жогорку соттун Пленуму тарабынан түзүлүүчү редакциялык комиссиянын ишине катышат;


— Жогорку соттун Пленумунун токтом долбоорлорун иштеп чыккандар менен биргеликте кабыл алынган токтомдордун акыркы редакциялык текшерүүсүн жүзөгө ашырат, кол коёт жана Жогорку соттун төрагасынын кол коюусун камсыздайт.


3.6. Пленум Жогорку соттун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Пленумдун чакырылган убактысы жана анын кароосуна киргизилген маселелер жөнүндө Пленумдун мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган адамдар жыйналышка чейин 10 күндөн кечиктирбестен кабарландырылат.


3.7. Жогорку соттун Пленумунун иши жөнүндө кабарларды массалык маалымат каражаттарында жарыяга берүүгө даярдалышын Жогорку сотунун Пленумунун катчысы басма сөз катчысы менен биргеликте камсыз кылат.


3.8. Маселелерди кароонун кезеги күн тартиби менен аныкталат. Жогорку соттун Пленуму зарыл болгон учурда анын кезегин өзгөртүүгө укуктуу.


3.9. Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштары залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.


3.10. Жогорку соттун иш планына ылайык соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо бөлүмү жергиликтүү соттордон иштерди Жогорку соттун Пленуму өткөрүлгөнгө чейин 2 айдан кеч эмес алдыртат жана алдын-ала токтомдун долбоорун мамлекеттик жана расмий тилде даярдайт.


3.11. Токтом долбоору тиешелүү соттук коллегияда Жогорку соттун Пленумунун катчысынын катышуусунда, коллегиянын принципиалдуу көз караштары боюнча пикирлерин аныктоо үчүн талкууланат. Жыйын соттук коллегиянын төрагасы тарабынан өткөрүлөт.


Соттук ишмердүүлүктүн жалпы маселелери боюнча токтомдун долбоорлору бардык соттук коллегияларда талкууланат, бирок ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор судья-баяндамачыга тапшырылат.


Жогорку соттун Пленумунун катчысы Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө Илимий-консультациялык кеңештин жыйыны өткөрүлгөнгө чейин сын-пикир жана сунуштарын жазуу түрүндө берүүгө сотторго, укуктуу болгон жергиликтүү кызыкдар мамлекеттик органдар жана ведомстволорго токтом долбоорунун көчүрмөсүн жиберүү тапшырмасын берет.


Жогорку соттун Пленумунун токтом долбоору сунуш, пикирлерди алуу үчүн Жогорку соттун сайтына жайгаштырылат.


Жогорку соттун Пленумунун катчысы Илимий-консультациялык кеңештин төрагасы же тийиштүү секциянын жетекчисинин макулдугу менен жыйындын өткөрүү күнүн аныктайт.


Илимий-консультациялык кеңештин жыйыны Жогорку соттун Пленуму өткөрүлгөнгө чейин бир айдан кечиктирилбестен өтүшү керек.


Илимий-консультациялык кеңештин жыйыны анын төрагасынын же секция жетекчисинин жетекчилиги менен Жогорку соттун Пленумунун катчысынын, судья-баяндамачынын, Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, ошондой эле чакырылган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.


3.12. Судья-баяндамачы Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте Илимий-консультациялык кеңештин жолдомосун эске алуу менен иштелип чыккан токтом долбоорунун вариантын соттук коллегияларда талкуулоого даярдайт.


Соттук коллегиянын төрагасы менен судья-баяндамачынын визасы коюлган токтом долбоорунун акыркы варианты, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жүзүндө, ошондой эле электрондук сактагычта Жогорку соттун Пленумунун катчысына берилет.


3.13. Жогорку соттун Пленумунун катчысы Жогорку соттун Пленуму өткөрүлгөнгө он күн калганга чейин кечиктирбестен, токтом долбоорунун акыркы вариантын Жогорку соттун төрагасына берет.


3.14. Жогорку соттун Пленумунун катчысы Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен Жогорку соттун Пленумунун жыйналышынын күн тартибин түзөт жана анын өткөрүү күнүн Жогорку соттун Пленумунун жыйналышына чейин он күндөн кечиктирбестен аныктайт. Күн тартибинде каралуучу маселелерди, өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун көрсөтүү менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан кол коюлат.


3.15. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышынын күн тартиби жана материалдары Жогорку соттун Пленумунун мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга жыйналышка чейин үч күндөн кечиктирилбестен тапшырылат.


Жогорку соттун Пленумунун жыйналышынын күн тартиби жана материалдары Жогорку соттун Пленумунун мүчөлөрүнө жөнөтүү, чакырылган адамдарга жыйналыш өткөрүү күнү жана убактысы жөнүндө билдирүү жөнөтүү жана жыйналышты тейлөө Жогорку соттун аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.


3.16. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышына катышкандарды каттоо Жогорку соттун Пленумунун катчысы тарабынан жүргүзүлөт.


3.17. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышында каралуучу маселелерди даярдоо Жогорку соттун төрагасынын, төраганын орун басарларынын жетекчилиги астында Жогорку соттун судьялары, Жогорку соттун аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.


Зарыл учурларда маселелерди даярдоону Жогорку соттун төрагасы тарабынан түзүлгөн комиссиялар жүзөгө ашырылат, алардын чечимдери протокол түрүндө таризделет.


3.18. Жогорку соттун Пленумунун күн тартиби Пленумдун жыйналышында бекитилет.


3.19. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышында токтомдун долбоорун талкуулоо: судьянын баяндамасы, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларынын жана чакырылган адамдардын чыгып сүйлөөсү түрүндө өтөт.


3.20. Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштары Жогорку соттун судьяларынын курамынын кеминде үчтөн экиси бар болгон учурда укуктуу деп эсептелет.


3.21. Жогорку соттун Пленумунун токтомдору жыйналышка катышкан Пленумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу аркылуу кабыл алынат.


Эгерде Жогорку соттун Пленумунун мүчөсү жүйөлүү себептер менен жыйналышка катышпаса жана Пленумдун материалдары менен мурунтадан таанышып, өзүнүн чечимин кат жүзүндө калтырган болсо, анда ал чечим долбоорго добуш берүүдө эске алынат.


Ушул Регламентин 3.2-пунктунун «б», «в», «г», «д», «е», «и», «к», «м» пунктчаларында каралган учурларда Жогорку соттун Пленумунун токтому Пленумдун мүчөлөрүн пикирин жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.


Жазуу жүзүндөгү сурамжылоо аркылуу кабыл алынуучу Жогорку соттун Пленумунун токтому, эгерде анын кабыл алынуусуна Жогорку соттун судьяларынын үчтөн экисинен кем эмеси кол коюшса, кабыл алынды деп эсептелет.


(КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2023-жылдын 2-июнундагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)


3.22. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышында айтылган сын-пикирлер жана сунуштарды эске алуу менен токтомдун долбоорун кошумча иштеп чыгуу зарылчылыгында редакциялык комиссия шайланат, ал 7-ти күндүн ичинде токтомдун макулдашылган текстин даярдайт. Редакциялык комиссиянын курамына Жогорку сотунун Пленумунун катчысы, судья-баяндамачы, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьялары, Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.


Ошону менен бирге редакциялык комиссия токтомдун долбоорун редакциялоодо анын жоболорунун маанисин өзгөртпөгөн редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.


3.23. Жогорку соттун Пленумунун катчысы токтомго кол коёт жана аны Жогорку соттун төрагасына кол коюу үчүн өткөрүп берет.


3.24. Жогорку соттун Пленумунун токтомдоруна кабыл алынган күнү, орду жана иреттик саны жазылат.


3.25. Жогорку соттун Пленумунун жыйналышынын жүрүшүндө протокол түзүлөт. Протоколдун жүргүзүлүшү Жогорку соттун аппараты тарабынан камсыз кылынат. Төрагалык кылуучунун уруксаты менен Жогорку соттун Пленумунун жыйналышын кино жана фотосүрөткө, видеого жазып алууга жол берилет.


3.26. Протоколдор Жогорку соттун Пленумунун жыйналышы аяктагандан 7-ти күндөн кечиктирилбестен түзүлөт, ага төрагалык кылуучу менен катчы кол коёт.


3.27. Жогорку соттун Пленумунун протоколдук тапшырмаларынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Жогорку соттун Пленумунун катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.


3.28. Жогорку соттун Пленумунун токтому «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бюллетени» журналында мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланууга тийиш.


3.29. Жогорку соттун токтомдорунун өз убагында расмий жарыяланышына жана жарыяланган тексттердин кабыл алынган тексттерге шайкеш келүүсүнө көзөмөл жүргүзүү Жогорку соттун Пленумунун катчысына жүктөлөт.


3.30. Жогорку соттун Пленумунун токтомдору, эгерде токтомдордун өзүндө башка учур каралбаган болсо, кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.


Пленумдун токтомдору Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп эсептелет.


3.31. Жогорку соттун Регламентин кабыл алуу, Регламентке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү тууралуу чечимди Жогорку соттун Пленуму кабыл алат.


4-глава. Жогорку соттун мыйзам чыгаруу демилгеси


4.1. Жогорку сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык ага таандык болгон өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүүгө укуктуу.


4.2. Жогорку соттун өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам долбоорлоо иши зарылчылыкка жараша жүзөгө ашырылат.


4.3. Жергиликтүү соттор Жогорку сотко мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын, алардын зарылдыгынын негиздемеси менен кошо беришет.


4.4. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды даярдоону уюштуруу Жогорку соттун Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн жооптуу аткаруучулары тарабынан ишке ашырылат.


4.5. Жогорку соттун Пленуму мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө маселени карап, мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алат.


Мыйзам долбоору менен колдонуудагы мыйзамдарга концептуалдык өзгөртүүлөр киргизилбеген учурларда, Жогорку соттун Пленумунун мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө чечими Жогорку соттун Пленумдун мүчөлөрүнүн пикирлерин жазуу жүзүндөгү сурамжылоонун негизинде кабыл алынышы мүмкүн.


4.6. Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркөө менен Жогорку сот тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет.


4.7. Жогорку сот тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйындарында мыйзам долбоорун кароодо катышуу үчүн Жогорку соттун расмий өкүлү дайындалат.