Судьялык кесип — бул жөн гана кызмат эмес, мамлекетке, элге жана мыйзамга берилген өмүрлүк жоопкерчилик.
Сунушталып жаткан материалда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы Рахат Каримовна Абдылдаева 20 жылдан ашуун тажрыйбасына таянып, сот бийлигинин көз карандысыздыгы, аял-судьялардын лидерлик сапаттары жана сот адилеттигине болгон элдин ишениминин маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүшөт.
«Адилеттүүлүк — мыйзамдын күчү менен гана эмес, аны жүзөгө ашырган инсандын абийири менен да бекемделет».
Кыргыз Республикасынын сот системасы — мамлекеттүүлүктүн негизги тиректеринин бири. Коомдо мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөө — сот бийлигинин негизги милдети.
Сот бийлигинин күчү — анын көз карандысыздыгында, ал эми судьянын кадыр-баркы мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана калыстыкка негизделген чечимдери менен аныкталат. Бул жоопкерчиликтүү кызматты аркалоодо аял судьялардын орду өзгөчө.
Кыргыз аялзаты илгертен бери акылмандыгы, сабырдуулугу, адилеттүүлүгү жана мекенге болгон берилгендиги менен айырмаланып келген. Бүгүнкү күндө да бул асыл сапаттар сот системасында эмгектенип жаткан аялдардын ишмердүүлүгүнөн даана көрүнүп турат. Алар бир эле учурда эне, жубай, тарбиячы болуп, ошол эле учурда мыйзам алдында калыстыктын жана принципиалдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп келишет.
Аял судья үчүн мыйзам — жөн гана кесиптик талап эмес, абийирдин жана жоопкерчиликтин өлчөмү. Ар бир кабыл алынган чечимдин артында адамдын тагдыры, үй-бүлөнүн тынчтыгы жана коомдун адилеттүүлүккө болгон ишеними турат. Ошондуктан судья ар бир ишке мыйзамдын гана эмес, адамдык абийирдин бийиктиги менен мамиле кылууга милдеттүү.
2004-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 30 жашымда Ош облустук сотуна судья болуп дайындалдым. Ошондон бери сот адилеттигин жүзөгө ашырып келем. Ар кайсы мезгилдерде Ош облустук, Бишкек шаардык сотторунда, ал эми учурда Балыкчы шаардык сотунда эмгектенип жатам.
Мен үчүн судьялык кесип — бул жөн гана кызмат эмес. Бул мамлекетке, элге жана мыйзамга берилген өмүрлүк кызмат.
Сот адилеттигин ишке ашыруудагы эң чоң максатым — мыйзамды туу тутуп, ар бир иш боюнча мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечим кабыл алуу аркылуу жарандардын укуктарын ишенимдүү коргоо, сот адилеттигин калыс жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын сот бийлигине болгон элдин ишенимин бекемдөөгө өз салымымды кошуу.
Бул — менин кесиптик милдетим гана эмес, турмуштук принципим жана мамлекеттик кызматка болгон берилгендигим.
Судьянын ишмердүүлүгү сот залындагы чечимдер менен гана чектелбейт. Сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо жана анын өнүгүшүнө салым кошуу да ар бир судьянын жарандык жана кесиптик милдети болуп саналат.
2010 жана 2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп үч жылдык мөөнөткө шайландым. Сот бийлигинин өз алдынча башкаруу органынын курамында иштеп, сот системасынын туруктуу өнүгүшүнө, судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөөгө, кесиптик жоопкерчиликти жана соттук этиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле сот системасын реформалоо жана өркүндөтүү багытындагы иштерге активдүү катышууга аракет кылдым.
Көп жылдык үзүрлүү эмгегим мамлекет тарабынан жогору бааланды. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ардак грамотасы менен сыйландым. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен мага судьянын биринчи квалификациялык классы ыйгарылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төш белгиси менен сыйландым. Ал эми 2023-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыгы менен ардак грамотага татыдым.
Бул мамлекеттик сыйлыктар мен үчүн чоң ишеним жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Көрсөтүлгөн ишенимди мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана кесипкөйлүккө болгон берилгендигим менен актоону өзүмдүн негизги милдетим деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын сот системасынын тарыхында жогорку кесипкөйлүгү, калыстыгы жана принципиалдуулугу менен из калтырган аял судьялар аз эмес. Алар сот адилеттигин ишке ашыруу менен гана чектелбестен, сот бийлигинин өнүгүшүнө, анын көз карандысыздыгын чыңдоого, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын калыптанышына жана сот реформаларынын ишке ашырылышына чоң салым кошушкан.
Алардын көп жылдык эмгеги, бай тажрыйбасы жана бийик адамдык сапаттары бүгүнкү муундагы судьялар үчүн баа жеткис мектеп болуп саналат.
Улуу муундагы аял судьялардын мыйзамга болгон бекемдиги, мамлекетке ак кызмат өтөгөндүгү, кызматтык этиканы сактоосу жана элдин ишенимин жогору койгон принциптери азыркы жаш судьялар үчүн үлгү болушу керек.
Муундар ортосундагы тажрыйбанын уланмалуулугу — сот системасынын туруктуу өнүгүшүнүн жана сот адилеттигинин сапатын камсыз кылуунун негизги кепилдиги.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын сот системасында эмгектенип жаткан аялдар ошол жакшы салттарды улантып, өздөрүнүн кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана мекенчилдиги менен Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекет катары өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп келишет.
Ар бир аял судья мыйзамга болгон бекем ишеними, ак ниет эмгеги жана адилеттүү чечимдери аркылуу мамлекеттин келечегин бекемдөөгө кызмат кылууда. Алар өздөрүнүн кесипкөйлүгү, жогорку маданияты, чыдамкайлыгы жана жоопкерчилиги менен сот бийлигинин кадыр-баркын көтөрүп келишет.
Назик көрүнгөнү менен аял судья ар кандай оор кырдаалда мыйзамга гана таянып, чечкиндүү чечим кабыл ала билген күчтүү лидер болушу керек. Анткени лидерлик — бул бийлик эмес, жоопкерчилик; кызмат эмес, коомдун ишенимин актай билүү.
Аялдардын сот системасындагы ийгилиги — бул гендердик теңчиликтин көрсөткүчү гана эмес. Бул Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин кесипкөйлүгүнүн, адилеттүүлүгүнүн жана руханий күчүнүн да көрсөткүчү.
Күчтүү аялдар бар жерде күчтүү сот бийлиги болот. Ал эми күчтүү сот бийлиги бар жерде мыйзамдын үстөмдүгү, адилеттик жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү камсыздалат.
Сот адилеттигин ишке ашыруудагы эң чоң байлыгыбыз — элдин сот бийлигине болгон ишеними. Ал ишенимди сактоо ар бир судьянын, өзгөчө аял судьялардын күн сайын аткара турган эң башкы миссиясы.
Ар бир мыйзамдуу жана негиздүү сот актысы — укуктук мамлекетти чыңдоого кошулган салым. Ал эми ар бир адилет чечим — жарандардын мамлекетке болгон ишенимин бекемдеген маанилүү кадам.
https://www.turmush.kg/news:789140

