KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков сот системасынын кызматкерлерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

22 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 2024-жылдын 22- февралында, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлерин жана Жогорку соттун жалпы жамаатын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоо тексти.


Урматтуу судьялар жана аппарат кызматкерлери!


Сиздерди Мекен коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм.


Бул күндү салт болуп калгандай эле аскер кызматкерлери гана эмес, көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезим жашаган ар бир атуул белгилейт.


Анткени, сот тутумунун өкүлдөрү дагы убагында аскерде кызмат өтөшүп, Ата Мекенди коргоп келишкен.


Аскердик мектептен өткөн ар бир адам күчкө, чыдамкайлыкка, стратегиялык-тактикага машыгып, бирин-бири колдоо жана куткаруу деген эмне экенин үйрөнөт. Бул  сапат аскерде гана эмес, күнүмдүк турмушта дагы керек деп ойлойм.


Эзелтеден элибиз Ата Мекенди коргоону ыйык милдет катары көрүп, эр жигит Ата Журттун ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын үлгүсү болгон. Ушул ыйык салтты улап, бүгүн да өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдети ар бирибизге жүктөлгөн.


Өлкөбүздүн ар бир жараны, анын ичинде сот кызматкерлери дагы бул ыйык милдетти жакшылап түшүнүп, аны ак ниеттик менен аткарат деп ишенем.


Нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхы Мекенин жоодон коргогон баатырлардын айтып бүткүс эрдиктери менен коштолот. Алар Ата Журтуна берилүү менен ак кызмат кылуунун улуу өрнөгү катары бүгүн да, келечекте да кыргыз урпактарынын жүрөгүндө жашайт, демине дем берип, күчүнө күч кошот.


Мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети. Бул майрам патриоттуулук сезимди ойготуучу чоң күчкө ээ.


Жалпы Мекен коргоочуларды бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм.


Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бийик дем-күч жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм.


Жергебизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!


Видео-блок

200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...