KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Шералы Камчыбеков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын мүчөлөрү менен жолукту

03 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-июлунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын  орун басары Шералы Камчыбеков жана Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту.


Миссиянын курамында жетекчиси Николас Моллер, башкы юрисконсульт жана улук юрисконсульт Тоби Николас Ангиер Рис болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, банкроттук жана сот тутумуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.


Белгилей кетсек, бул иш сапар Азия өнүктүрүү банкынын «Жеке сектор жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору үчүн мыйзамдарды жана саясаттарды иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.


Аталган миссия  2025-жылдын 30-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасында болуп, банкроттук (жөндөмсүздүк) мыйзамдарды реформалоону колдоого багытталган.


Видео-блок

Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...