KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Судьялар адамдардын тагдырын чечип жаткандыктан, сотто кесипкөй адистер иштеши керек

18 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 18-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кара-Кулжа райондук сотунун жамааты менен жолугушту.


Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов  аталган  райондук сотто эки судья жана 20 кызматкер эмгектенип, ушул жылдын тогуз айында 673 иш карап, 3 жеке аныктама чыгарышкандыгын  маалымдады.


Мындан сырткары, иштер өз мөөнөттөрүндө каралып, аталган сотто автоматташтырылган маалымат системасы жана аудио жана видео байланыш системасы ийгиликтүү иштеп, күбөлөрдү онлайн жол менен сурак алуу дагы жүргүзүлүп жаткандыгын  билдирди.


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев  сотто иштеген кызматкерлердин билим деңгээлин  жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу керек экендигин айтты. Анткени, судьялар адамдардын тагдырын чечип жаткандыктан, өз ишин мыкты билген, кесипкөй адистер иштеши керек экендигин билдирди.


Сот адилеттигин камсыз кылууда судьялардын адептүүлүгү, калыстыгы жана мыйзамдуулукка бекем карманышы өтө маанилүү. Ар бир кабыл алынган чечим мыйзамга таянып, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталышы керек«, – деп кошумчалады төрага.


Ошондой эле төрага сот кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, заманбап технологияларды колдонуу жана иштерди өз убагында кароо сот системасынын негизги артыкчылыктарынын бири болушу керектигин белгиледи.


Жыйынтыгында Медербек Сатыев соттун жалпы жамаатына сот адилеттигин жүргүзүүдөгү ийгиликтерди жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү каалап, коюлган тапшырмаларды өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертти.


 


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...