Бүгүн, 20-21-ноябрь күндөрү Астанада өткөн Борбордук Азия үчүн жазык сот адилеттиги боюнча тогузунчу эксперттик форум («Ninth Expert Forum») ишин аяктады.
Иш-чараны ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) Казакстан Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте уюштурган.
Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дамирбек Назаров жетектеп, форумдун ар кыл темалары боюнча эки баяндама жасады.
Атап айтканда, өзүнүн биринчи баяндамасында Дамирбек Назаров белгилеп өткөндөй, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги тарабынан кыйноолорго байланышкан кылмыштар боюнча сот практикасын изилдөө үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө. Бул иштерди кароодо жалпы багытты аныктоо, мыйзамдарды колдонуудагы кыйынчылыктарды жана башка өзгөчөлүктөрдү, суроолорду аныктоо максатында жүргүзүлүүдө. Анын негизинде, судьялардын мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуусуна көмөк көрсөтүүчү, кыйноолорго тиешелүү адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутуу модулун даярдоо пландалууда.
Кыргыз Республикасында кылмыш сот өндүрүшү системасы өнүгүүнү улантып жатканы менен, калыс сот териштирүүлөрдү камсыздоо жана процесс катышуучуларынын укуктарын коргоо сапатын жакшыртуу зарылчылыгы сыяктуу бир катар кыйынчылыктар дагы эле бар экендиги белгиленди.
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова кыргыз делегациясынын курамында форумга катышып, “Кыргыз Республикасында камакка алуу альтернативалары” деген темада баяндама жана презентация жасады. Өзүнүн сөзүндө судья статистикалык маалыматтарды келтирип, акыркы жылдары Кыргызстанда камакка алуу чарасы катары колдонууну азайтууга багытталган кылмыш мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгенин баса белгиледи. Айрыкча, адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурулуп, кээ бир учурларда үй камагы, электрондук билерик жана күрөө сыяктуу жумшагыраак чаралар каралып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Борбордук Азия боюнча кылмыш сот адилеттиги боюнча тогузунчу эксперттик форум ар кайсы өлкөлөрдөн 200дөн ашуун эксперттерди чогултуп, алар өз тажрыйбалары жана сот практикасынан мисалдары менен бөлүштү.
Белгилүү болгондой, Форумдун максаты – кылмыш сот адилеттиги, соттор, прокурорлор, адвокаттар, пенитенциардык жана пробациялык мекемелердин өкүлдөрү, жарандык коом жана эл аралык эксперттер үчүн адам укуктарына шайкеш келчү мыкты тажрыйбалар жана саясат боюнча диалог жүргүзүү аянтчасын түзүү. Ошондой эле кылмыш сот адилеттиги тармагындагы реформаторлордун ортосунда пикир алмашуу болуп саналат. Форумга Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн жана Монголиянын өкүлдөрү салттуу түрдө катышып келет.