KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен сот кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулады

19 июня 2026

2026-жылдын 18-июнунда Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун экинчи конференциясынын иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев менен Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана коомчулук, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев да катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин, сот тутумун санариптик трансформациялоо, соттук тажрыйба алмашуу, судьялык кадрларды даярдоо жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.


Жолугушууну ачып жатып, Медербек Сатыев кыргыз-азербайжан мамилелеринин стратегиялык өнөктөштүккө, союздаштыкка жана жалпы тарыхый-маданий баалуулуктарга негизделген жогорку деңгээлин белгиледи.


«Бүгүн Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер бириктирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Азербайжан Республикасынын Жогорку соту менен кесиптик кызматташтыкты чыңдоого чоң маани берет жана сот системаларыбыздын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар», — деп белгиледи  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы.


Сүйлөшүүлөрдө Медербек Сатыев Азербайжандын сот тутумун модернизациялоо, сот администрациялоонун заманбап механизмдерин киргизүү жана сот адилеттигин санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалады.


Анын айтымында, Азербайжан Республикасынын тажрыйбасы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн олуттуу практикалык кызыгуу жаратат.


Жолугушуунун алкагында Медербек Сатыев эки өлкөнүн Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты системалуу жана институттук мүнөзгө келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум түзүү демилгесин көтөрдү.


Тараптардын пикиринде, бул документ соттук тажрыйба алмашуу, санариптик технологияларды киргизүү, судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин квалификациясын жогорулатуу программаларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жаатында туруктуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүүгө өбөлгө түзөт.


«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун ортосундагы кызматташуунун мындан ары да чыңдалышы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сот аркылуу коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана сот-укуктук чөйрөдө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...