KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун административдик соту үч мелдеш катары менен облустук соттун төрагасынын өтмө Кубогун жеңип алды

23 июня 2025

Өткөн дем алыш күндөрү Баткен облусунун сот тутумунун кызматкерлери арасында мини-футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул иш-чараны Баткен облусунун Сот департамент башкармалыгы уюштурду. Мелдешке региондогу соттордон сегиз команда катышты.


Турнирдин башкы байгеси — облустук соттун төрагасынын өтмө Кубогу болуп, ал дагы бир жолу административдик соттун командасына ыйгарылды. Турнирдин жобосуна ылайык, Кубокту үч жолу катар жеңген команда аны өзүндө түбөлүккө сактап калууга укуктуу болот. Ошентип, бул байге расмий түрдө Баткен облусунун административдик сотунда калууда.


Облустук соттун төрагасы Азамат Алдашов турнирге катышкан бардык командаларды куттуктап, спорттук духту жана чынчыл күрөштү көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай иш-чаралар сот кызматкерлери арасында биримдикти жана достукту бекемдөөгө чоң жардам берерин белгиледи.


Турнирдин жыйынтыгында экинчи орунду Баткен облусунун Сот департамент башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунду Лейлек райондук сотунун командасы ээледи.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы З.С.Ормонов


Видео-блок

Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...