Ош облусунун Административдик сотунун 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планынын алкагында жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мыйзам бузуулардын алдын алуу, соттук талаш-тартыштардын келип чыгуу себептерин талдоо жана укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Кара-Суу шаардык мэриясынын жана Кара-Суу районундагы айыл аймактарынын өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө административдик соттордун практикасында көп кездешкен кемчиликтер, алардын келип чыгуу себептери жана алдын алуу жолдору талкууланып, жер мамилелерин жөнгө салган мыйзамдардын талаптарын так сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда төрагалык кылуучу сот менен жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары да чыңдоо мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын кайрылууларын өз убагында жана мыйзам чегинде кароого, ошондой эле талаштарды сотко жеткирбей чечүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирип, катышуучуларга ыраазычылык айтты.

