Бүгүн, 2021-жылдын 1-октябрында, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Кылыч Байсов аталган райондун улуу муундагы өкүлдөрүн Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.
Төрага менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркулов болушту.
Аламүдүн райондук сотунун жалпы жамаатынын атынан К.Байсов аталган райондун Мыкан айылынын эң улгайган 100 жаштагы тургуну Буйбуша Эрназарова жана Константиновка айылынын 100 жаштагы тургуну Дарья Люфтту куттуктап, материалдык жардамды тапшырды.
Төрага Аламүдүн районунун эң ардактуу, улгайган жашоочуларына бекем ден-соолук жана узак өмүр каалады.