KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Алина Картамбаева, Манас шаардык сотунун судьясы: Гендердик сот адилеттиги – мыйзам алдындагы теңдиктин кепилдиги”

28 июля 2026

2026-жылдын 15-июлунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөн “Сот адилеттиги системасындагы аялдар: диалог, өнүгүү жана адилеттүүлүк” аттуу эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаардык сотунун судьясы  Кыргызстандын тажрыйбасын сунуштады. Гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттигин өнүктүрүү, өлкөбүздүн сот системасындагы жетишкендиктер жана бул багыттагы келечектеги артыкчылыктуу милдеттер тууралуу Алина Картамбаева менен маектештик.


— Алина Усембековна, сиз Душанбе шаарында өткөн эл аралык конференцияга катыштыңыз. Бул иш-чара сот коомчулугу үчүн канчалык маанилүү болду?


— Бул ар кайсы өлкөлөрдүн судьяларын, жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдардын адистерин жана эксперттерин бириктирген абройлуу эл аралык аянтча болду.


Конференцияга Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын, Түркмөнстандын жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана БУУ-Аялдар түзүмүнүн өкүлдөрү катышышты.


Кыргызстандын сот системасы үчүн мындай эл аралык иш-чараларга катышуу өзгөчө мааниге ээ. Бул — кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, заманбап чакырыктарды талкуулоого жана көз карандысыз, ачык-айкын жана адилеттүү сот адилеттигин өнүктүрүүнүн бирдиктүү багыттарын аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк.


— Сиз конференцияда гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттигин өнүктүрүү тууралуу баяндама жасадыңыз. Бул түшүнүк эмнени билдирет?


— Бул түшүнүктү туура кабыл алуу өтө маанилүү. Гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттиги аялдарга же эркектерге кандайдыр бир артыкчылык берүү дегенди билдирбейт.


Анын негизги максаты — мыйзам менен сот алдында бардык адамдардын тең укуктуулук принцибин иш жүзүндө камсыз кылуу.


Мындай ыкманын негизги милдети — ар бир адамдын сот адилеттигине бирдей жетүүсүнө шарт түзүү, басмырлоонун бардык түрлөрүн жокко чыгаруу жана мыйзам талаптарын так сактоо менен ар бир иштин социалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу болуп саналат.


Дал ушундай мамиле мыйзам алдындагы формалдуу эмес, реалдуу теңчиликти камсыз кылууга мүмкүндүк берет.


— Гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттиги кайсы негизги багыттарды камтыйт?


— Бул багытты эки өз ара байланышкан бөлүккө бөлүүгө болот.


Биринчиси — институционалдык багыт. Ал аялдар менен эркектерге сот тутумунда иштөөгө кирүүдө, кызматтык өсүүдө жана жетекчилик кызматтарга дайындалууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган.


Экинчиси — сот адилеттигин ишке ашыруу. Үй-бүлөлүк зомбулукка, басмырлоого, үй-бүлөлүк же эмгек талаштарына байланыштуу иштерди кароодо сот ар бир иштин өзгөчөлүгүн жана турмуштук жагдайларын эске алуу менен бирге толук объективдүүлүгүн жана бейтараптуулугун сактоого тийиш.


— Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо багытында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?


— Кыргызстанда бул багытта бекем укуктук негиз түзүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Конституциясы бардык адамдардын мыйзам жана сот алдында теңдигин кепилдейт, жынысына карата басмырлоого тыюу салат жана адамдын укуктары менен эркиндиктеринин бирдей корголушун камсыздайт.


Мындан тышкары, «Аялдар менен эркектер үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдар, ошондой эле кылмыш-жаза, жарандык, административдик жана эмгек мыйзамдарынын тиешелүү ченемдери колдонулат.


Ошондой эле 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия ишке ашырылып жатат. Анда мыйзамдарды өркүндөтүү, адам укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүү жана сот системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча негизги багыттар белгиленген.


— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын сот системасында аялдардын орду кандай?


— Азыркы учурда аялдар өлкөбүздө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойношот.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын сот системасында 501 судья иш алып барса, алардын 95и аялдар, башкача айтканда, судьялар корпусунун болжол менен 19 пайызын түзөт.


Мындан тышкары, дээрлик ар бир төртүнчү аял-судья жетекчилик кызматты ээлейт.


Бул көрсөткүчтөр аял-судьялардын кесипкөйлүгүнө болгон жогорку ишенимди жана сот системасында бирдей мүмкүнчүлүктөр принцибинин ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт.


— Бүгүнкү күндө кайсы маселелер эң актуалдуу бойдон калууда?


— Жетишилген жыйынтыктарга карабастан, сот тутумунун алдында дагы эле чечүүнү талап кылган бир катар маанилүү милдеттер турат.


Алардын бири – үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын жашыруун бойдон калышы. Тилекке каршы, айрыкча аймактарда мындай учурлардын көбү жабырлануучулардын коркуусунан, коомдук басымдан же экономикалык көз карандылыктан улам сотко чейин жетпей калууда.


Ошондой эле гендердик стереотиптерди жоюу боюнча ишти улантуу, сот практикасын өркүндөтүү жана сот процессинин катышуучулары үчүн мүмкүн болушунча коопсуз шарттарды түзүү абдан маанилүү. Бул жабырлануучулардын кайрадан психологиялык жаракат алышына жол бербөөгө өбөлгө түзөт.


— Бүгүнкү күндө сот системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул сот адилеттигине жетүүнү камсыздоодо кандай роль ойнойт?


— Санариптештирүү бүгүнкү күндө сот системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды.


Кыргыз Республикасында сот отурумдарын онлайн көрсөтүү, электрондук сот өндүрүшү, электрондук соттук билдирүүлөр, видеоконференция байланыш аркылуу сот отурумдарына аралыктан катышуу, электрондук документ жүгүртүү жана башка санариптик кызматтар ийгиликтүү киргизилип жатат.


Бул технологиялар, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган жарандар үчүн сот адилеттигине жетүүнү кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу иштерди кароодо санариптик инструменттер жабырлануучунун укук бузуучу менен кайра-кайра бетме-бет келүү тобокелдигин азайтып, анын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.


— Сот системасын өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыктын ролу кандай?


— Бүгүнкү күндө эл аралык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Ар бир мамлекеттин өзүнүн тажрыйбасы, ийгиликтүү практикалары бар жана алар менен бөлүшүү абдан маанилүү.


Мындай конференциялар билим жана тажрыйба алмашууга гана эмес, адилеттүү сот адилеттигин камсыз кылуунун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууга, ар кайсы мамлекеттердин судьяларынын ортосундагы кесиптик кызматташтыкты чыңдоого жана адам укуктарын коргоо жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.


 


— Башка өлкөлөрдөн келген кесиптештериңиз сунуштаган кайсы идеялар же тажрыйбалар Сизге өзгөчө кызыктуу болду?


— Ар бир баяндама өзгөчө мазмундуу жана кызыктуу болду. Бирок мен үчүн Россия Федерациясынын Жогорку сотунун судьясы Елена Пейсикованын баяндамасы өзгөчө таасир калтырды. Россиялык кесиптештер сот системасындагы аялдардын ролуна кеңири талдоо жүргүзүп, аны так статистикалык маалыматтар менен негиздешти.


Бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын райондук жана шаардык сотторунда иштеп жаткан 13 126 судьянын 9 540ы аялдар болуп саналат. Ошондой эле 1 736 сот төрагасынын 799у аялдар болсо, 941 төраганын орун басарынын 621ин аялдар түзөт.


Аялдардын жогорку деңгээлде өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын субъекттериндеги соттордо да байкалат. Жогорку, крайлык жана облустук соттордун 82 төрагасынын 13ү аялдар болсо, төраганын 211 орун басарынын 88и аялдар. Мындан тышкары, бул соттордо иштеген 4 702 судьянын 3 057си аялдар болуп эсептелет.


Жалпы юрисдикциядагы апелляциялык соттордо да ушундай көрүнүш орун алган. Бул соттордогу 120 судьянын 70и аялдар. Жетекчилик кызматтарда да аялдардын активдүү катышуусу байкалат: 5 төраганын экөө жана 11 төраганын орун басарынын алтоосу аялдар.


Бул көрсөткүчтөр Россия Федерациясынын сот системасында аялдардын орду жана ролу өтө жогору экенин, ошондой эле судьялар корпусун калыптандырууда бирдей мүмкүнчүлүктөр принциби ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт.


Мен үчүн бул тажрыйба менен таанышуу өзгөчө баалуу болду. Улуттук сот системаларынын өзгөчөлүктөрүнө карабастан, мындай тажрыйба алмашуу ийгиликтүү моделдерди көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары өркүндөтүүдө эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.


— Конференцияда сот адилеттигин санариптештирүү маселесине кеңири көңүл бурулду. Бул багыттагы кайсы чет өлкөлүк тажрыйба Сизде өзгөчө таасир калтырды?


— Мен үчүн өзгөчө кызыктуу болгон баяндамалардын бири Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Ирина Калашникованын сот системасын санариптештирүүгө арналган баяндамасы болду.


Бүгүнкү күндө Казакстан сот системасына жасалма интеллект технологияларын активдүү киргизүүдө. Өзгөчө көңүл судьянын санариптик жардамчыларына — сот практикасын талдоого, керектүү ченемдик-укуктук базаны ыкчам табууга, процесстик документтердин долбоорлорун даярдоого жана судьяга ишти кароого даярданууда көмөк көрсөтүүчү интеллектуалдык сервистерге бурулду.


Ошол эле учурда мындай технологиялар судьяны алмаштырбай турганы жана анын ордуна чечим кабыл албай турганы өзгөчө белгиленди. Алардын негизги максаты — техникалык иштерге кеткен убакытты кыскартуу, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана судьяга укуктук талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле адилеттүү чечим кабыл алууга көбүрөөк убакыт берүү болуп саналат.


Бул тажрыйба өзгөчө кызыгууну жаратты. Анткени бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн сот системалары заманбап санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти кеңири колдонуу жолуна түшүүдө. Кыргызстанда да электрондук сот адилеттиги жигердүү өнүгүп, сот системасын санариптештирүү боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылып жаткандыктан, мындай эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү чоң мааниге ээ. Тажрыйба алмашуу келечектүү багыттарды аныктоого жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мыкты эл аралык чечимдерди колдонууга өбөлгө түзөт.


— Конференциянын негизги багыттарынын бири сот адилеттигин санариптештирүү болду. Кытайлык кесиптештердин кайсы тажрыйбасы Сизде эң чоң таасир калтырды?


— Менде Бээжин шаарындагы Жогорку элдик соттун судьясы Дэн Индин баяндамасы чоң кызыгуу жаратты. Кытайлык кесиптештер сот системасын масштабдуу санариптик трансформациялоонун жыйынтыктары менен бөлүшүп, электрондук сот өндүрүшүн, иштерди башкарууну, аналитикалык сервистерди жана судьяга интеллектуалдык жардам көрсөтүүчү инструменттерди бириктирген «One Network» аттуу бирдиктүү улуттук платформанын түзүлгөнү тууралуу айтып беришти.


Айрыкча жасалма интеллектти практикалык колдонуу боюнча мисал өзгөчө таасир калтырды. Карыз өндүрүү тууралуу иштердин бирин кароонун алдында система иштин материалдарын автоматтык түрдө талдап чыгып, жоопкер жашы жете элек студент болушу мүмкүн экендигин жана бул иш «студенттик насыялар» менен байланышкан тобокелчиликтерге тиешелүү экендигин судьяга алдын ала эскерткен.


Мунун негизинде судья процесстин катышуучусу менен баарлашууда башынан эле кылдат жана аяр мамиле жасап, анын жашоо жагдайларын тактап, тараптардын ортосундагы диалогду түзүүгө көмөк көрсөткөн. Натыйжада талаш узакка созулган соттук териштирүүсүз эле медиация жолу менен жөнгө салынган.


Мындан тышкары, системанын өз ара байланышкан сот иштерин жана окшош талаштар боюнча калыптанган сот практикасын автоматтык түрдө табуу мүмкүнчүлүгү да өзгөчө кызыгууну жаратты. Бул судьяларга сот практикасынын бирдейлигин камсыз кылууга, карама-каршы чечимдерди болтурбоого жана сот адилеттигинин алдын ала божомолдонушун жогорулатууга жардам берет.


Бул тажрыйба дагы бир жолу заманбап санариптик технологиялар менен жасалма интеллект судьяны алмаштырбай турганын, тескерисинче, иш материалдарын ыкчам талдоого, мүмкүн болуучу тобокелчиликтерди аныктоого, сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга жана аны адамга багытталган кылууга жардам берген натыйжалуу инструмент экенин көрсөттү. Менин оюмча, дал ушундай инновациялар менен адамдык мамиленин айкалышы азыркы сот системасынын өнүгүүсүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат.


— Конференциянын жыйынтыгында Сиз кандай негизги тыянак чыгардыңыз?


— Мен үчүн эң негизги тыянак — гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сот адилеттиги сот реформасынын өзүнчө багыты эмес, заманбап сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү экендиги болду.


Басмырлоодон жана ар кандай стереотиптерден эркин болгон сот системасы адам укуктарын натыйжалуу коргоого, коомдун сотко болгон ишенимин бекемдөөгө жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга жөндөмдүү.


Душанбеде өткөн эл аралык диалог мамлекеттерибиздин сот системаларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого, өз ара тажрыйба алмашууга жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо механизмдерин биргелешип өркүндөтүүгө бекем негиз болот деп ишенем.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...