Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Касымбеков Алмаз Салмоорбекович ЮСАИДдин «Укук булагы» долбоорунун 1-компонентинин лидери, соттордун көз карандысыздыгы программасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Буга байланыштуу 2021-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров судья Алмаз Салмоорбекович Касымбековдун сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.