Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев IV эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты.
Жогорку соттон билдиришкендей, форумда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү юристтер, адвокаттар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар «Санариптештирүү: юриспруденция жана юридикалык билим берүү практикасындагы тенденциялар жана жаңы чакырыктар» темасын талкуулашууда.
«Бул форумдун темасы өтө актуалдуу, анткени биз бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөргө күбө болуудабыз. Санариптик технологиялар мурда болуп көрбөгөндөй масштабда колдонулуп, коомдук мамилелердин жана мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарын камтып жатат. Жаңы санариптик реалдуулук өлкөлөрдү жана бүтүндөй региондорду тездик менен өзгөртүүдө. Ошондуктан, сот өндүрүшүнө санариптик технологияларды киргизүү учурда сот адилеттүүлүгүнө болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун, сот тутумунун ачыктыгын жогорулатуунун, сот өндүрүшүн жөнөкөйлөтүүнүн (байланыштардын басымдуу бөлүгүн санарип чөйрөгө өткөрүү аркылуу), чыгымдарды азайтуунун ажырагыс шарты катары каралууда», – деп белгиледи Нурлан Мусаев өз сөзүндө.
Ошондой эле ал санариптештирүү – бул жөн гана технологиялар эмес, бул жаңы компетенциялар, этикалык чакырыктар, киберкоопсуздук жана адам укуктарын сактоо маселелери экенин баса белгиледи.
Катышуучуларды пленардык жыйында, негизги темалар боюнча эксперттер менен панелдик талкууларда, TEDx форматына ылайык мастер-класстарда жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өткөрүлө турган параллелдүү сессияларда кызыктуу талкуулар күтүп турат.
Белгилей кетсек, эки күнгө созулган бул форум Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы, Судьялар ассоциациясы, Акыйкатчы институту, Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам көрсөтүү кызматы, Кунаев атындагы университет жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан уюштурулган.
https://kabar.kg/news/bishkekte-sanaripteshtirg-arnalgan-el-aralyk-ukuktuk-forum-bashtaldy/