KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Даркимбаев: жер мунапысы комиссиясы ишин так аткарбаган учурлар бар

14 февраля 2025

Чүй облусунун Административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев жер амнистиялоо комиссиялары жободо каралган укуктарынын негизинде көп маселелерди карабай же айрым учурда иш кагаздарды толук текшерип так чечим чыгарбай жатканын айтты.




Мыйзамда жана жободо жер амнистиясын жүргүзүүчү эң негизги коллегиялык орган — бул мунапыс комиссиясы. Ал райондук администрациялардын алдында түзүлөт. Бул тууралуу Таалайбек Даркимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.




Анын айтымында, сотко жеткирбей эле комиссиянын алкагында чечип койчу маселелер каралбай калууда.







«2022-жылдын 1-апрелинде «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Андан кийин министрлер кабинети Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө жобону бекиткен. Мыйзамда жана анын жобосунда жер мунапысын ким жана кандай таризде жүзөгө ашырары так жазылган. Ошондой эле жер амнистиясынын объектиси болуп кандай жер тилкелери кирери толук белгиленген. Бул мыйзам административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрдүн аймагындагы көп жерлер Бишкек шаарына өткөнгө чейин кабыл алынгандыктан, көп иштер Чүй облустук сотунда каралып калды. Райондук администрациялардын алдында түзүлгөн мунапыс комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, каттоо органдарынын жана акимчиликтердин өкүлдөрү кирет. Алар жободо каралган укуктарына кирген көп маселелерди карабай койгон учурлар бар. Анткени бир жер объектине кызыкдар экиден ашык адам кайрылса эле экөөнү тең тизмеге киргизбей коюшууда. Анан ал адамдар сотко кайрылып, райондук администрацияны жоопкер катары көргөзүп, «жер тилкесине болгон укугумду каттатып бергиле» деген талапты коюп жатышат. Комиссия жер тилкеси боюнча оң же терс чечим кабыл албаса, анда ал жер боюнча райондук администрация эч кандай чечим чыгара албай калышы мүмкүн. Себеби чечимди жер комиссиясы кабыл алып бериши керек. Бир жер тилкесине эки адам кайрылган күндө да кайсы иш кагаздар менен кайрылары жана кайсынысы тиркелиши керектиги мыйзамда так жазылган. Эгер жерди сатып алган адам өтүп кетсе, анын мураскери келет. Комиссия андан башка мураскердин бар-жогун изилдеп чыгышы керек. Ал да жободо жазылган. Бирок булар биринчи кайрылган адамга эле тиркеп коюшат экен. Убакыт өтүп, каза болгон адамдын экинчи же үчүнчү мураскери келип жатат,» — деди Даркимбаев.









Ал бир жер тилкесине курулган үй талашка түшсө турак жайды ким салганын комиссия жеринде иликтеп, аныктаса болорун кошумчалады.








https://sputnik.kg/20250214/zher-munapysy-sot-komissiya-ishi-1092061258.html



Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...