KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун делегациясы Пекин шаарында өткөн Укук жана бизнести интеграциялоо боюнча эл аралык форумга катышты

23 июня 2026

«Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин демилгеси менен жана Кытай Эл Республикасынын Бээжин шаарынын Чаоян районунун Адвокаттар ассоциациясынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлдөрү 2026-жылдын 16-июнунда Бээжин шаарында өткөн Укук жана бизнести интеграциялоо боюнча эл аралык форумга катышышты.


Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Бакыт Усубалиев, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасы Абдуразак Боромбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, «Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кадрлар жана мамлекеттик жарандык кызмат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дубанаев, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин эл аралык кызматташтык боюнча директору Азамат Исмаилов кирди.


Форумга ар кайсы мамлекеттердин сот органдарынын, юридикалык коомчулуктун, илимий чөйрөнүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө укуктун үстөмдүгүн бекемдөө, сот адилеттигин өркүндөтүү, эл аралык укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле заманбап экономикалык процесстердин шартында укук менен бизнести интеграциялоо маселелери талкууланды.


Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы Кытайдын Саясий илимдер жана укук университетинде болуп, аталган өлкөнүн алдыңкы юридикалык жогорку окуу жайларынын биринин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар судьяларды даярдоо, юридикалык билим берүүнү өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, сот адилеттигин санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуу, сот өндүрүшүндө жасалма интеллект технологияларын колдонуу, ошондой эле Кытай – Борбордук Азия юридикалык билим берүү альянсынын алкагында билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Кытайдын Саясий илимдер жана укук университетинин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен программаларды уюштурууга, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүгө жана академиялык алмашууларды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сот тутумун өркүндөтүүгө, юридикалык илимди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кесиптик кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлдөрүнүн эл аралык иш-чараларга катышуусу алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда заманбап ыкмаларды жайылтууга жана эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


 


Видео-блок

Мен судья: Судьянын эң башкы сапаты – калыстык жана адилеттүүлүк
Аксы райондук соту жогорку көрсөткүчтөргө кантип жетишти? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...