KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотуна дайындалган эки судья ант беришти

25 января 2018

Бүгүн  2017-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы Айнаш  Токбаев жана Жогорку соттун  судьяларынын катышуусунда Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2018-жылдын  22-январындагы  № 9-Жарлыгы  менен  судьянын  ыйгарым укуктарын  жүргүзүү  үчүн Бишкек шаардык  сотуна Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотторунун  судьялары  Жумагул Албанова  жана Азамат Алыбаев салтанаттуу  ант  беришти.


Белгилүү  болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  Мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.


Салтанаттуу  жыйында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Айнаш Токбаева  судьялык кызматка  кайрадан  киришип жатышкан  Жумагул Албанова  жана Азамат Алыбаевди куттуктап ийгиликтерди  каалады.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...