KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Элдин сот системасына болгон ишенимин арттыруу керек

07 февраля 2018

2018-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Айнаш Токбаеванын катышуусу менен Ош областтык сотунда шаардык жана жергиликтүү соттордун 2017-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси өткөрүлдү.


Кеңешмени Ош областтык сотунун төрагасы Айвар Кубатов ачып, күн тартибиндеги  каралчу маселелерди угузду.


Кийинки сөз Ош областтык сотунун соттук коллегияларынын торагаларына берилип, соттордун 2017-жылдын ишмердүүлүгүн 2016-жылдын ишмердүүлүгүнө салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Келип түшкөн иштер боюнча статистикалык маалыматтар:


Ош областынын жергиликтүү сотторуна 2017-жылы 2743 кылмыш иши түшүп, ал 2016-жылга салыштырмалуу 12,7% азайган.


Кылмыш иштери боюнча областтык сотко апелляциялык даттануу менен 2017-жылы 420 иш түшүп, 11,1% азайган.


Жарандык иштер боюнча 2017-жылы жергиликтүү сотторго 15662 иш келип түшүп, 2016-жылга салыштырмалуу 14,5% азайган. Жарандык иштер боюнча областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 2017-жылы 468 иш түшүп, 11,05% өскөн.


Ал эми экономикалык жана административдик иштер боюнча 2017-жылы 2115 иштер келип түшүп, 2016-жылга салыштырмалуу 11,1 % азайган, алардын ичинен областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 2017-жылы 445 иш түшүп, 1,8% азайган.


Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева кеңешменин ишин жыйынтыктап, сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга, ишти кароо мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселесине карата ишти кылдаттык менен кароо ж.б. маанилүү маселелерге токтолду.


 


 Ош областтык сотунун басма сөз кызматы


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...